Линктер

бейшемби, 27-июнь, 2019 Бишкек убактысы 02:28

Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу сот 15-февралга жылдырылды


Бурулайдын сотунда. 10-январь, 2019-жыл.

Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда каралып жаткан Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча 11-февралга белгиленген процесс күбөлөрдүн келбей калганына байланыштуу 15-февралга жылдырылды. Бул тууралуу Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, сотто Бурулайдын өлүмү боюнча Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин иши каралып жаткан.

Буга чейин беш милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон. Алардын төртөө күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алып, бирөө күнөөсүз экенин айткан.

12-декабрда Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн режимде камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Анын досу Акмат Сейитов "Ала качуу" беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. Айыпталуучулар сот чечимине нааразылык билдирип, Бишкек шаар сотуна кайрылышкан. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG