Линктер

шейшемби, 18-июнь, 2019 Бишкек убактысы 11:42

Караколдо автоунаа базарынын жанынан мектеп окуучусунун сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул маалыматты «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, 12-февраль күнү болжол менен саат 8.23 чамаларында Каракол ШИИБине автоунаа базарынын жанынан жаш жигиттин өлүгү табылганы тууралуу кабар келип түшкөн.

- Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, ал жерди караганда азия улутундагы, болжол менен 20-25 жаштагы, киши колдуу болуп өлгөн белгисиз адамдын сөөгү табылган. Ошондой эле өлүктүн жанынан жыгач таяк табылган. Ал таякта канга окшош тактар болгон, - деди ал.

Бул факт Каракол шаардык милициясында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Тергөө иштеринин натыйжасында өлгөн кишинин тек-жайы аныкталды. Ал Каракол шаарынын 18 жаштагы тургуну болгон, шаардагы №5 орто мектепте 11-класста окуп жаткан.

Маркумдун ата-энеси ал 11-февралдан 12-февралга караган түнү болжол менен түнкү саат 24.00 чамаларында үйдөн чыгып кетип, ошол бойдон кайтып келбегенин милицияга билдирген.

Учурда тийиштүү кызматтар кылмышка шектүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштерин жүргүзүшүүдө. Ошондой эле маркум эмне себептен каза болгонун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. (AsM)

XS
SM
MD
LG