Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Баткен: Каада-салттагы ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча эреже даярдалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чыгымдарды азайтуу боюнча эрежелер Кадамжай районунун тургундарынын облустук бийликке жиберген кайрылуусунун негизинде даярдалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Анын маалыматында айтылгандай, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында өткөн жылдын соңунда аш-тойлордогу ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча эреже кабыл алынган. Чыгымдарды үнөмдөө, кабыл алынган эрежени бирдей сактоо боюнча аталган айыл аймагында элдик талкуулар өтүп, жалпы колдоого алынган. Бул демилге ишке аша баштаганы жылыштар байкалып, элдин колдоосуна алынган соң, Ак-Турпак айыл аймагынын тургундары эрежени Кадамжай районуна жайылтыш үчүн атайын кайрылуу кабыл алышкан.

Эми бул эрежени жалпы Баткен облусунун аймагында сактоо боюнча облустук бийлик аракет кылып, аш-тойлордогу чыгымдарды азайтууга багыттылган талаптар иштелип чыгууда. Ар тарабы иликтенген соң эрежелер облус элинин талкуусуна чыгарылат.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, Баткен облусу боюнча бир жылда 6 миңден ашык той-маараке өтөт. Маркумду жерге берүү, кыркы, аш берүү сыяктуу жөрөлгөлөрдү эске албаганда да той-аштар үчүн эле зарыл чыгымдан тышкары ашыкча сарпталып жаткан каражат 4 млрд. сомду чапчып түшөөрүн жергиликтүү экономисттер эсептеп чыгышкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG