Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

ЖЭБ: Негизги иш боюнча сегиз киши айыпталды


Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. "Азаттыктын" коллажы.
Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. "Азаттыктын" коллажы.

Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча козголгон негизги кылмыш иши сотко өттү. Анда Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган сегиз кишиге эки берене менен айып коюлду.

Бул топтун ичинде мурдагы финансы министри Ольга Лаврованын аты-жөнү биринчи жолу бул ишке тиешеси барлардын катарында аталды. Айыпталуучулардын жактоочулары болсо коюлган кинени четке кагууда.

Прокуратуранын корутундусу

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча «Коррупция» беренеси менен козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратура толук бир жума изилдеди. Натыйжада сегиз айыпталуучуга тергөөдө коюлган айыптар өзгөртүлбөгөн бойдон бекитилди.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Жаркынай Азиева иштин жыйынтыгы тууралуу айтып берди:

Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

- Ишти изилдөөнүн жыйынтыгында Сапар Исаковго, Жантөрө Сатыбалдиевге, Осмонбек Артыкбаевге, Айбек Калиевге, Салайдин Авазовго, Жолдошбек Назаровго, Темирлан Бримкуловго жана Ольга Лавровага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция фактысы боюнча тагылган айыптар негиздүү коюлганы, иштеги далилдер менен бекемделгени аныкталды. Буга байланыштуу Башкы прокуратура аталган адамдарга карата айыптоо корутундусун бекитти жана козголгон кылмыш ишин Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун кароосуна өткөрүп берди.

Кеп болуп жаткандардан экөө, Исаков менен Сатыбалдиев - мурдагы премьер-министрлер, Артыкбаев - мурдагы энергетика министри, Калиев - «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы, Назаров - анын ошол кездеги орун басары, Авазов - «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси жана Бримкулов - ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору. Булардын баары камакта отурат.

Ал эми Ольга Лаврова - мурдагы финансы министри жана ал кармалган эмес. Буга чейин ЖЭБдин айланасындагы маселелерде анын жоопкерчилиги жөнүндө сөз болгону менен, кылмыш иштеринде алгачкы жолу аталды.

Лаврованын адвокаты Улан Дастан уулу экс-министрге карата негизсиз кине коюлду деп эсептейт.

- Калган жети кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси («Коррупция») боюнча, ал эми менин кардарыма 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголду. Ошонун негизинде айыбы угузулган, Башкы прокуратуранын корутундусун да алдык. Бирок Ольга Лаврова ага коюлган күнөөнү мойнуна алган жок, келтирилген айыптар менен толук макул эмес. Негизи кылмыш ишинде фактылар, далилдер болушу керек, бирок Лаврованын айтымында, мен карап чыккан материалдардын ичинде ага карата бир да далил жок, анын министр болуп турган кезиндеги аракетинде эч бир мыйзам бузуу жок экени көрүнүп турат, - деди ал.

Антсе да былтыр ЖЭБдеги кырсыкты жана аны оңдоого алынган каражатты иликтеген депутаттык комиссия өз корутундусунда жоопкерчилиги каралышы керек деген 30дай адамдын катарына Ольга Лаврованы да кошкон.

Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жаткан учуру. 16-май, 2018-жыл.

Бул комиссиянын мүчөсү, депутат Сайдулла Нышанов экс-министрдин аракетине да юридикалык баа берүү орундуу экенин айтты:

- Комиссия ошол мезгилде жемиштүү иштеген. Бирок биз саясий гана баа бергенбиз, «эми юридикалык баа бергиле» деп, кээ бир шектүү жагдайларды белгилеп, укук коргоо органдарына өткөрүп бергенбиз.

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

Бизге, депутаттарга жооп берип жаткан чакта Лаврованын сөзүнөн деле, көзүнөн деле «мен акча албадым, акчага аралашпадым» дегени билинип турду. «Ал каражат Кытайдан Кыргызстанга чыккан эмес, Финансы министрлигине келбесе биз эмнеге жооп беребиз» дегендей кылып өзүн актап жаткан. Бирок ал келишимге, катка кол койгону боюнча ага дооматтар болушу мүмкүн. Анткени ал келишимдерде ЖЭБ Кыргызстанда болгону менен «келишимдердеги талаш Кытайдын сотунда каралат» деп берилип калган. Же башында «келишимдин орус тилиндеги версиясына кол коебуз» дешип, соңунда англисче версиясына кол коюлуп калган. Кандай болгон күндө да башка министрлерге сабак болушу үчүн Лаврованын жоопкерчилиги каралышы керек. Министрлер ойлонбой, каалагандай кол кое бербеш үчүн ага карата чечим чыгышы керек.

«Кылымдын коррупциясы»

Модернизациялоодогу коррупция боюнча негизги ишти тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 8-январда бүтүргөн. Анда УКМК коррупция боюнча негизги жоопкерчиликти Сапар Исаковго жүктөп, анын «мыйзамсыз аракетин» 2009-жылга барып такаган. Иш прокуратурага 5-февралда өткөн.

Исаков камалгандан бери ага карата саясий куугунтук болгонун айтып келаткан анын адвокаты Нурбек Токтакунов эми ишти сотто кароо деле калыс жүрбөйт деген ойдо турат.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

- Бул тергөөдө Сапар Исаковду «мафиянын башчысы» деп эле жыйынтык чыгарып коюп жатышпайбы, - деди адвокат. - Бирок анын акчаны алган, акчаны жөнөткөн же башка аракеттери боюнча эч бир далил келтирилген эмес. Жөн эле, сөз менен эле «Сапар Исаков башкарган» деп коюшкан. Бирок чечимди, келишимди ошол эле парламент ратификациялаган да. Ага карабай негизги айып Исаковго коюлуп жатканы бул саясий буйрук болуп жатканын айгинелеп турат. Биз сотто албетте, күрөшөбүз, коргоо иштерин алып барабыз, бирок мамлекеттин башчысы прокуратура, сот системасына таасир этип жаткан кезде бул иш калыс каралаарына ишенич жок. Анткени сотко басым болот.

Ошол эле учурда сот тескерисинче айыпталуучуларга тартып коюшу мүмкүн экенин айтып кабатырлангандар да бар. Саясатчы, мурдагы эл өкүлү Бөдөш Мамырова ЖЭБдин айланасындагы иштер эң чуулгандуу маселе экенин айтып, сотторду ишти акыйкат кароого чакырды:

Бөдөш Мамырова.
Бөдөш Мамырова.

- Райондук, шаардык, облустук жана Жогорку сотко чейинки соттордун азыркы курамы Сапар Исаковдун түздөн-түз көзөмөлү менен куралган. Булар кандайдыр бир деңгээлде материалдык, моралдык, адамгерчилик жагынан байланышы бар. Ошол жагынан алганда мен кылдат иликтенген кылмыш ишин соттор мыйзам чегинде караарынан күмөн санап турам. Ушундай шек туулбашы үчүн соттор мыйзамдын гана негизинде карап, чечим чыгарышы керек. Анткени бул иш өтө чуулгандуу иш болуп калды. Жетидеги баладан баштап жетимиштеги чал-кемпирге чейин ЖЭБдин тегерегиндеги чуулгандуу ишке көз салып турат. Албетте, айыпталуучулардын арасында жалпы айыптоонун шары менен чалынып калгандары да бар, бирок ЖЭБди жаңылоонун айланасында коррупциялык схема болгону жашыруун эмес. Эгер ошол кезде катуу кыш болуп, ЖЭБ жарылып кетпегенде андагы коррупция, жабылуу аяк жабылуу бойдон калып кетмек. Экинчи жагынан алганда элдин акысы эч качан узабай турганы белгиленди. Мындай чоңдор, лөктөр, анын ичинде премьер-министрлер аралашкан коррупцияны «кылымдын коррупциясы» деп атоого да болот.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, соңку кылмыш ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдиновага тапшырылды.

Бишкек ЖЭБине байланыштуу беш кылмыш иши козголгон. Анын биринде тендер маселеси боюнча «Электр станциялары» ишканасынын эки аткаминери жана менчик фирманын эки өкүлү алты-жети жылга кесилди.

Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу кылмыш ишинде ошол эле Калиев менен Бримкуловдон башка «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев, «Улуттук энергохолдингдин» биринчи орун басары Нурлан Садыков, Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу менен ЖЭБдин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков шектүү катары өтүп жатышат.

Мындан сырткары, Калыс-Ордо конушунда курулган мектеп жана «Шалаакылык» беренеси боюнча да кылмыш иштери бар.

ЖЭБдин айланасындагы кылмыш иштери боюнча «Азаттыктын» кабарчысы Бакыт Асановдун материалы:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG