Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

Уйгурлар Кытайды Шинжаңдагы туугандарынын видеолорун жарыялоого чакырууда


Шинжаңдын Кашкар шаарындагы уйгурлар. Сүрөт 2017-жылдын мартында тартылган.
Шинжаңдын Кашкар шаарындагы уйгурлар. Сүрөт 2017-жылдын мартында тартылган.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө #MeTooUyghur деп аталган хэштег менен акция камакта каза болгону кабарланган уйгур музыкант Абдурехим Хейит тууралуу видеролик Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарынан көрсөтүлгөндөн кийин 12-февралда башталды.

«Менин жолдошум #MuhtarRozi токтоосуз түрдө камактан бошотулушу керек! Ата-энем да азыр чыгарылышы керек, алардын тагдырына тынчсызданып жатам. Алар кайсы жакта? Аманбы же жокпу? Аларды да Абдурехим Хейиттей кылып видео аркылуу көрсөткүлө!" - деп жазды "Твиттерге" Стамбулдан интернет колдонуучу.

Шинжаңда уйгур, казак, кыргыз жана башка түрк тилдүү улуттук азчылыктарга карата саясатка байланыштуу Кытай эл аралык сынга кабылып келе жатат.

Былтыр БУУ Шинжаңдагы "антиэкстремисттик борборлордо" миллионго чукул киши кармалып турганын, дагы миллиондой адам "саясий тарбиялоочу лагерлерге" мажбурлап камалганын жарыялаган.

Кытай мындай жайларды "агартуучу жана кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп атап, алардын жардамы менен элди радикалдык ойлордон алыстатып жатканын айтып келет.

Буга чейин Түркия Кытайдагы саясий лагерлерде 1 миллиондон ашык уйгурлар кармалып турганын билдирип, Бээжинди мындай жайларды жабууга чакырган.​ Кытай тарап Шинжаңда мусулман азчылыктарынын укугу бузулуп жатканы тууралуу Түркиянын билдирүүсүн четке каккан.

Мындан сырткары түрк тарап ырлары үчүн сегиз жылдык абак жазасын өтөп жаткан таанымал уйгур акыны жана музыканты Абдурехим Хейиттин Кытай түрмөсүндө каза тапканын белгилеп, "бул трагедия" Шинжаңдагы укук бузууларга карата Түркиядагы коомдук пикирди ого бетер күчөткөнүн айткан.

Бирок Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин уйгур акыны тирүү экенин айтып, буга удаа эле 10-февралда Кытайдын эл аралык радиосу өзүн Абдурехим Хейит деп тааныштырган адамдын 26 секундалы видеосун жарыялаган. Андагы адам Кытайда улуттук мыйзамдарды бузганы үчүн өзүнө карата иликтөө жүрүп жатканын, саламаттыгы жакшы экенин белгилеген.

Азырынча бул видеонун чын-бышыгын көз карандысыз булактар ырасташа элек.

XS
SM
MD
LG