Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:35

Бектур Асанов: саясаттан кетпейбиз


Бектур Асанов.

Бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн соттолуп, 12-февралда эркиндикке чыккан саясатчы Бектур Асанов толук акталып чыгыш үчүн аракеттер улана турганын “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди. Ал БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арыз бериле турганын кошумчалап, саясаттан кетпей турганын айтты:

- Биздин иш Жогорку сотто каралып бүтүп калды. Биз БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арыз жазабыз. Соттун чечими менен жаңы жагдай ачылат. Сөзсүз түрдө аягына чыгарабыз. Мындан ары да саясатта болобуз. Биз идеябызды, максатыбызды уланта беребиз. Түрмөдө үч жыл отурганыбыз биздин саясатыбыздын өзгөрүп кетишине таасир этпейт.

Асанов 1-январдан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык алардын жаза мөөнөтү кыскарганын кошумчалады. 12-февралда Асанов менен бирге Кубанычбек Кадыров да эркиндикке чыкты.

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков 2016-жылы март айында "бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган. Иш райондук, шаардык соттордо каралып, алар 12-20 жылга чейин камалган. Жогорку сот алардын ишин 2017-жылы 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөтү кыскартылган. Асанов менен Кадыров сегиз жылга, Карыбеков 14 жылга кесилген. Карыбековдун эркиндикке чыгар-чыкпасы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

Аларга байланышы бар деп кармалган, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

Буга чейин Асанов жана Кадыров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди кызматтан алууну талап кылып бир нече апта бою ачкачылык кармашкан. (КE)

Пикирлерди көрүңүз (15)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG