Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Балдар жазган китеп жарык көрдү


"Байтик балдары" китеби.

Аламүдүн районунун Байтик айылында жашаган 7 жаштан 10 жашка чейинки балдар китеп жазышты. Алардын 20 кыска аңгемеси киргизилген китеп “Байтик балдары” деген аталыш менен жарык көрдү.

Түстүү сүрөттөр менен шөкөттөлгөн китеп «Үй-бүлөлүк окуу» программасынын алкагында Ага Хан фондунун каржылык көмөгү менен басылды. Китепте балдардын достук, жаныбарларга аяр мамиле кылуу, туулган айылын сүйүү темасын камтыган 20 дилбаяны, аңгемелери жана ырлары топтолгон.

Ушундай эле мазмундагы балдар жазган китеп Ош облусунда 2007-жылы “Биз жазган китеп” деген ат менен чыккан. Ага Хан фондунун көмөгү менен жалпысынан балдардын 55 түстүү, сүрөттүү китеби жарыяланып, өлкөдөгү 2200 мектепке акысыз таркатылган. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG