Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Мектепке барбаган майып балдардын так саны жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 13-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин жылдык коллегиясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Вице-премьер-министр министрликтин маалыматтары менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы дал келбегенин сындады:

- Билим берүү жана илим министрлиги "мектепке барбаган майып балдар эки миң чамалуу" десе, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги "андай балдардын саны беш миңден ашуун" деп жатат. Мындай маалыматтар так болушу керек. Балдарды мектепке тартууга адегенде Билим берүү жана илим министрлигинин кызыкчылыгы болууга тийиш, - деди Алтынай Өмүрбекова.

Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны отуз миңден ашат. Жалпы өлкө боюнча мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга саналуу гана атайын көмөкчү мектептер каралган. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG