Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:27

Абылгазиев Улан Өзүмбековду кызматынан бошотту


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик сатып алуу департаментинин директору Улан Өзүмбековду мамлекеттик сатып алуу тутумун реформалоо боюнча тапшырмаларды аткарбаганы үчүн кызматынан бошотту. Мындан тышкары өкмөт башчы финансы министринин орун басары Алмазбек Азимовго эскертүү берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, бүгүн, 13-февралда премьер-министр мамлекеттик сатып алуу тутумун реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

“Биз мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдаланышыбыз керек. Ал үчүн өндүрүшчүлөрүбүздү колдоонун иштиктүү чараларын иштеп чыгып, алардын мамлекеттик сатып алууга кызуу катышуусуна өбөлгө түзүүчү тутумду ишке киргизишибиз зарыл. Ар бир мамлекет өндүрүштү өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана социалдык маселелердин чечилишине шарт түзүү аркылуу өз ишкерлерин колдоого алат”, – деди Абылгазиев.

Премьер-министр коюлган милдеттердин аткарылбагандыгы үчүн катаал чара көрүлөрүн эскертти. Ошондой эле ал Финансы министрлигинин жана Экономика министрлигинин ишине канааттандырарлык эмес деген баа берди. Абылгазиев планды аткарууга жооптуу мамлекеттик органдарга бир жумалык мөөнөттө мамлекеттик сатып алуу тутумун реформалоо боюнча тапшырмаларды аткаруу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG