Линктер

шейшемби, 19-февраль, 2019 Бишкек убактысы 00:43

«Эмаком холдинг»: Ленин-351 дарегине турак жай курууга уруксат кагаз бериле элек


Ленин-351 дарегинде жүрүп жаткан курулуш. Ош шаары. 13-февраль, 2019-жыл.

Ош шаарындагы Ленин көчөсүнүн №351 дарегине тургузулуп жаткан курулуш боюнча аталган курулуштун ээси "Эмаком холдинг" компаниясы 14-февралда маалымат таратты.

Анда компаниянын жетекчилиги ал даректеги эски имарат жараксыз деп табылганын, жашоого мүмкүн болбой калганын белгилеген. Мындан тышкары компания ал үйдө жашаган 100дөн ашуун үй-бүлөгө башка жакта жашап жатканы үчүн акча төлөп берип жатканын да кошумчалаган. Компания тараткан маалыматта: "Азырынча канча кабат үй куруш керек экени тууралуу эреже жок. Бул үйдү бузуудан мурда тиешелүү мамлекеттик мекеме-ишканалардан уруксат алганбыз. Ошонун негизинде үйдү бузуу иштери жүргөн. Азыркы учурда турак жайды курууга тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жыйынтыктоочу уруксат кагазы бериле элек. Бүл турак жайды азырынча мыйзамсыз деп атоого да болбойт. Анткени турак жай Сулайман-Тоонун коругуна кирип, ага байланыштуу мынча кабат үй курулсун деген документ бизге бериле элек" деп айтылат.

Компания өзү маалымдагандай, аталган дарекке турак жай курууга уруксат кагаз бериле элек болсо да, бул жерде компания көп кабаттуу имарат куруш үчүн аң казып, имараттын пайдубалын түптөө иштерин жүргүзүп жатканын жергиликтүү активисттер белгилеп жатышат.

13-февралда Башкы прокуратура Ош шаарындагы Ленин-351 дарегине тургузулуп жаткан курулуш мыйзамсыз деп табылганын, ал жерге "өзүм билемдик" менен курулуш куруп жаткан компания жетекчилигине кылмыш иши козголгонун, бул курулушту мыйзамсыз катары сүрдүрүп салуу маселесин кароо боюнча шаардык сотко өтүнүч жиберилгенин маалымдаган. (MdN/ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG