Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:35

АКШ менен Кытай соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүдө


АКШ менен Кытайдын лидерлери Дональд Трамп менен Си Цзиньпин Бээжиндеги бизнес-форумда. 9-ноябрь, 2017-жыл.
АКШ менен Кытайдын лидерлери Дональд Трамп менен Си Цзиньпин Бээжиндеги бизнес-форумда. 9-ноябрь, 2017-жыл.

АКШ менен Кытайдын өкүлдөрү Бээжинде эки тараптуу соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасын өткөрүп жатышат.

АКШнын финансы министри Стивен Мнучиндин Кытай премьер-министринин орун басары Лю Хэ менен эки күндүк жолугушуусу бейшембиде башталды. Финансы министри Кытайга АКШнын соода өкүлү Роберт Лайтхайзер баштаган адамдар менен келди. Стивен Мнучин сүйлөшүүлөрдүн алдында ал “натыйжалуу жолугушуу болот” деп үмүттөнүп жатканын билдирди.

АКШ 1-январдан тартып Кытайдын 200 миллиард долларлык товарына тарифтерди 10 пайыздан 25 пайызга чейин көтөрүү тууралуу чечим кабыл алган. Бирок 2018-жылдын декабрь айынын башында Аргентинадагы жолугушууда АКШнын президенти Дональд Трамп жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин үч айдын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы соода келишимин түзүүнү макулдашкан.

Ага ылайык, Вашингтон тарифтерди көтөрүү тууралуу чечимин убактылуу токтотуп, анын мөөнөтү 1-мартка чейин жылган.

XS
SM
MD
LG