Орусиянын, Түркиянын жана Ирандын президенттери Сириядагы соңку кырдаалды талкуулаш үчүн Сочи шаарына чогулууда.
Кремль маалымдагандай, тараптар 14-февралдагы жолугушууда согуштан кийин Сириянын жаңы Конституциясын жазып чыгуучу комитетти түзүү маселесин талкуулашмакчы.
Расмий Анкара бул жолу Жакынкы Чыгыштагы жети жылдан бери токтобогон кризиске туруктуу чечим табуунун жолу ортого салына турганын маалымдады.
Владимир Путиндин, Режеп Тайып Эрдогандын жана Хасан Роуханинин бул жолку кездешүүсү АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык күчтөр Сириядан чыгарыларын жарыялагандан кийин өтүп жатат.
Москва менен Тегеран Сириянын президенти Башар Асадды, Түркия менен АКШ эки башка көтөрүлүшчүл күчтөрдү колдоп келишет.