Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:12

"Апрель" телеканалынын иши боюнча соттук териштирүү уланууда


Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров сотто. 15-февраль, 2019-жыл.

15-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевдердин экс-президент Алмазбек Атамбаев жана “Апрель” телеканалына каршы берген доо арызы боюнча сот отуруму уланды. Соттук жараянда Азимбек Бекназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аларды негизсиз каралап, кадыр-баркына шек келтиргенин айтты:

- Бул доо арыздын максаты - Атамбаевден же “Апрель” телеканалынан акча өндүрүү эмес. Көп жылдан бери ушундай системалуу ушак-айыңды мамлекет башчысы, экс-президент таратып келаткан жагымсыз нерсени токтотуу.

Экс-президент Атамбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев Атамбаев “Апрель” каналына берген интервьюсунда массалык маалымат каражаттарына чыккан маалыматтарды гана айтканын, доогерлердин дарегине эч кандай каралоо сөздөрү айтылбаганын билдирди. Кийинки соттук отурум 26-февралга белгиленди.

Бүгүнкү процесске Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаев катышып, ал эми үчүнчү доогер Ахматбек Келдибеков келген жок.
Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана “Апрель” телеканалын былтыр жыл аягында сотко беришкен. Алар “телеканалдагы маегинде экс-президент ар-намысыбызга шек келтирди” деп, соттон жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатышат. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG