Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:11

Эл аралык байкоочулар Казакстандан депортацияланды


Астанадагы Нурсултан Назарбаев атындагы аэропорт. 27-август, 2017-жыл.
Астанадагы Нурсултан Назарбаев атындагы аэропорт. 27-август, 2017-жыл.

Казакстандан 15-февралдын таңында Адам укуктары боюнча Италия федерациясынын байкоочулары, украин жарандары Людмила Волошина менен Валерий Явтушенко Киевге депортацияланды.

Казак бийлиги аларды "өлкөнүн миграция мыйзамдарын бузду" деп айыптоодо. Волошина менен Явтушенко бейшембиде Астанада кармалган. Астана полициясы жергиликтүү маалымат каражаттарына Людмила Волошина Казакстанга жеке сапар менен келип, башка иштер менен алектенип мыйзам бузганын билдирген.

Жумага караган түнү сот эки байкоочуну өлкөдөн депортациялоо боюнча өкүм чыгарган.

Астанадагы Украинанын консулу Иван Алмаши "Азаттык" радиосуна берген комментарийинде Казакстандын бийлиги аны украин жарандары менен жолугушууга жана сот жараянына катышууга уруксат бербей койгонун айтты.

- Бул дипломатиялык алакалар боюнча Вена конвенциясынын орой бузулушу. Биз бул боюнча бийликке атайын кат менен кайрылабыз, - деди ал.

Адам укуктары боюнча Италия федерациясынын Польшадагы өкүлү Максим Сытников "Азаттыкка" билдиргендей, Волошин менен Явтушенко 15-февралда Актау шаардык сотунун мурдагы төрагасы Малик Кенжалиев менен жолугушмак. Кенжалиев "Телеграм" социалдык түйүнүндө "бийликти кулатууга чакырык таштаган" деп айыпталган Айгүл Акбердиеваны актаган чечим чыгаргандан кийин куугунтукка кабылганын билдирген. Кенжалиев өзү 11-февралда жарыяланган видеодо ал саясий мүдөөдөн улам иштен алынганын белгилеп, эл аралык укук коргоо уюмдарынан ага жардам берүүнү өтүнгөн.

Бирок Волошина менен Явтушенко кармалгандан кийин Кенжалиев мурда айткан сөздөрүнөн баш тарткан дагы бир видео жарыялады. Анда Кенжалиев расмий түрдө ага эл аралык уюмдардан эч кандай жардам кереги жок экенин, анын сөзүн туура эмес түшүнүп алышканын жана президент Назарбаевдин саясатын баалай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG