Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:25

Текебаев менен Чотоновго кайра "жол" ачылды


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

"Адилет" укук клиникасы "Ата Мекен" партиясынын абактагы төрагасы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо үчүн Жогорку сотко өтүнүч келтирди.

Клиниканын жетекчиси Чолпон Жакупова жаңыдан күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодексинин негизинде соттолгон башка жарандардын кылмыш иштери сыяктуу эле Текебаев менен Чотоновдун ишин да кайра караса болорун билдирди.

Жогорку сот жаңыдан күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодексине ылайык, ишти жаңы ачылган жагдайда кайра кароо боюнча арыз сот өндүрүшүнө кабыл алынганын жарыялады.

«Адилеттин» жамааттык өтүнүчү

«Адилет» укуктук клиникасы абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттарына юридикалык көмөк көрсөтүү үчүн ишти жаңы жагдайлардын негизинде кайрадан кароо боюнча Жогорку сотко жамааттык өтүнүч жиберди.

Анда жаңы Кылмыш-жаза кодексин жана Жазык-процессуалдык кодексин күчүнө киргизүү тууралуу мыйзамдын талабына ылайык, бардык кылмыш иштери кайра каралууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн.

Кылмыш-жаза кодексин күчүнө киргизүү боюнча мыйзамда буга чейин чыккан өкүмдү жаңы Кылмыш-жаза кодексиндеги жаза чараларына ылайык кайрадан карап, жоопкерчиликти жеңилдетүү иретинде жаза мөөнөтүн колдонуу жагы каралган. «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова буга байланыштуу Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароо тууралуу өтүнүч жибергенин билдирди:

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

​- Жаңы Кылмыш-жаза кодексинин жана Жазык-процессуалдык кодекстин күчүнө киришине байланышкан жаңы жагдайдын негизинде бул кылмыш иши кайрадан каралууга тийиш. Аталган кодекстерди күчүнө киргизүү боюнча мыйзамга ылайык, жаза чарасы жана жаза мөөнөтү сотто кайра каралып чыгат. Анткени мыйзамда кайсы бир кылмыш иши боюнча жаза мөөнөтү эски кодекс менен жаңы кодексте эки башка болгондо же иштин квалификациясы ар түрдүү болсо, анда аталган кылмыш иши кайра карала турганы көрсөтүлгөн.

Сот өндүрүшү кабыл алган өтүнүч

Жогорку соттун басма сөз кызматынын расмий өкүлү Чынара Мамытканова «Адилет» укуктук клиникасынын жана соттолуучулардын адвокаттарынын атынан жамааттык негизде жазылган өтүнүч кат Бишкектин Биринчи май райондук сотуна келип түшкөнүн ырастады.

Чынара Мамытканова учурда абактагы саясатчылар Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы жагдайдын негизинде кароого байланыштуу өтүнүч расмий түрдө каттоого алынганын да билдирди:

- Биз азыр ошону тактап жаткан элек. Ал өтүнүч 13-февраль күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотуна келип түшкөн. Ал жактан арыз кабыл алынган. Бул өтүнүчтү адвокаттар Биринчи май райондук сотуна жиберишиптир. Азыркы учурда ал жакта ошол өтүнүчтү мыйзамга ылайык каттоого алуу иши жүрүп жатыптыр. Анан Жогорку сотко ал кагаздар келе жаткан дүйшөмбү күнү келип түшөт экен. Өтүнүч келип түшкөн соң аны кароо маселеси чечилет. Азыр эми жаңы кодекстердин күчүнө кириши менен кылмыш иштерин кайрадан кароо жараяны жүрүп жатпайбы.

«Жаңы жагдай - Кылмыш-жаза кодекси»

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова Текебаев менен Чотонов башка катардагы соттолуучулар сыяктуу эле жаңыдан күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодексинин негизинде иштерин кайрадан соттон каратууга укугу бар экенин айтты.

Анын айтымында, жаңы кодексте мурда берилген жаза чаралары менен жаза мөөнөттөрү соттолуучунун абалын жеңилдетүү тартибинде кайрадан каралып чыгат. Клара Сооронкулова Кылмыш-жаза кодексин ишке киргизүү боюнча мыйзамдагы талаптарды чечмелеп берди:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Азыр эми соттолуучулардын арыздарынын негизинде буга чейин өкүм чыккан бардык иштер кайра каралат. Бул жерде ишти кайра кароого негиз болгон жаңы жагдай - Кылмыш-жаза кодексинин жана Жазык-процессуалдык кодексинин күчүнө кириши. Бул жерде мындай жеңилдиктер өмүр бою эркинен ажыратылгандардын баарына колдонулат. Мыйзамда ишти кайра жаңы жагдай менен кароо соттолуучунун абалын жеңилдеткен жаза менен байланыштуу болуп, айрымдары жазадан бошотулса, кээ бирөөлөрүнүн жаза мөөнөттөрү кыскартыла турганы көрсөтүлгөн. Мисалы, жаңы Кылмыш-жаза кодексинде «Коррупция» беренесинин жазасы жеңилдетилген. Ошого карата иш кайра каралып, сот жаза мөөнөтүн кыскартуу маселесин карашы керек болот.

Саясий мунапыс берүү практикасы

Жарандык активист Айбек Бусурманкулов Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда саясий себептер менен соттолгондордун кылмыш иштерин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайрадан териштирип, алардын акталып чыгышына көңүлдөнбөй жатканын белгиледи.

Айбек Бусурманкулов мындай соттук практика бар экенин айтып, аны колдонууга эмне тоскоол болуп жатканын түшүнбөй жатканын айтты:

Айбек Бузурманкулов (Айбек Мырза).
Айбек Бузурманкулов (Айбек Мырза).

- 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы элдик ыңкылаптардан кийин мурдагы президенттердин убагында саясий кысымга дуушар болуп соттолгон саясатчылардын кылмыш иштери жаңы жагдайлар менен кайра каралып, көпчүлүгү акталган. Азыркы башкы прокурор эмнегедир Атамбаевдин учурунда саясий куугунтукка кабылган саясатчылардын иштерин кайра каратып, аларды актоого кызыкчылыгы жок сыяктанат. Бул жерде саясат бар өңдүү болуп жатат. Болбосо жасалма чогултулган далилдер менен күнөөсүз жерден камалгандардын иштери кайрадан каралышы керек болчу. Бул жерде жаңы Кылмыш-жаза кодексине байланышпаган шартта деле алардын кылмыш иштерин кайрадан ачык-айкын кароого эмнеге болбосун?

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана парламенттин төрт жолку чакырылышынын депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин 1 миллион доллар пара алган деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG