Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Атамбаевге каршы сот башталды


Алмазбек Атамбаевди сотко берген үч саясатчы.
Алмазбек Атамбаевди сотко берген үч саясатчы.

Бишкектин Октябрь райондук сотунда саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаев жана “Апрель” телеканалына каршы берген доо арызы боюнча экинчи сот отуруму болду.

15-февралдагы жараянда доогерлер мурдагы президент Атамбаев аларды президент учурунда да, андан кийин да максаттуу каралап келгенин айтып, “Апрель” каналын ага курал катары колдонуп жатат деп айыпташты.

Атамбаевдин жактоочусу коюлган дооматтарды четке кагып, мурдагы өлкө башчы массалык маалымат каражаттарына чыккан сөздөрдү гана жарыялаганын айтууда.

Бул жолку соттук жараянга доогерлер Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев катышты. Ал эми үчүнчү арыздын ээси Ахматбек Келдибеков келген жок.

Үч саясатчы “Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде ар-намысыбызга шек келтирди” деп, былтыр жыл аягында соттон жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп кайрылышкан.

Саясатчылардын ар бири Атамбаевден 3 млн. сомдон жана “Апрелден” да ушундай эле сумманы өндүрүп алууну көздөп жатышат.

Бирок алардын доосу саясатчылардын жеке соттук ишинен тышкары, Кыргызстанда сөз эркиндигине карата жаңы бийликтин тушундагы басым катары кабыл алынууда. Азимбек Бекназаров мындай айыптоолорду четке какты.

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

- Бул доо арыздын максаты Атамбаевден же “Апрель” телеканалынан каражат өндүрүү эмес. Экс-президенттин көп жылдан бери таратып келаткан ушундай жагымсыз, системдүү ушак-айыңдарын токтотуу. Эгер Атамбаев “айткандарымды далилдей алган жокмун, кечир десе” мен ушул жерден кечиргенге даярмын. Мисалы, “Апрель” телеканалына менин эч кандай доом жок. Бирок алар Атамбаевдин жети күндөн бери дайынданып алып сүйлөгөнүн эфирден беришти. Эми бизге да жарым саат берип койгула десек, мыйзамды бузуп, эфир бербей жатышат. Ошондуктан “сөз эркиндигине Бекназаровдун, Келдибековдун, Дүйшөбаевдин колу менен басым кылып жатышат” деген бул бет тырмачылык.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президенттен интервьюда айткандарын төгүндөп, кечирим суроону жана моралдык чыгым төлөөнү талап кылып жатышат.

Доогерлердин дагы бири Кеңешбек Дүйшөбаев Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалын саясаттагы атаандаштарына каршы курал катары колдонуп жатат деп эсептейт.

- Биздин негизги талабыбыз Атамбаевге коюлуп жатат. Ал экс-президент болуп, неберелери менен жыргап-куунап отура бербей аны ушундай деңгээлге чыгарган адамдарга ыплас сөздөрдү айтып атат. Ушундай жаман иштерине ал журналисттерди, массалык маалымат каражаттарын курал катары колдонууда. Ага бул жактагы балдар курмандык болуп жатат. Калп сөздөрдү, ушактарды, сотто каралып чечим чыкпаган нерселер менен бизди айыптап, коомчулукка уят кылып, ар-намысыбызды тебелеп жатат.

Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров сотто. 15-февраль, 2019-жыл.
Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров сотто. 15-февраль, 2019-жыл.

​Алмазбек Атамбаев былтыр 10-декабрда “Апрель” каналына курган маегинде “азыркы бийлик өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп миллионер болгондорду текшериши керек” деп, Келдибеков менен Түлеевдин аттарын атаган.

“Азимбектер кузгунга окшош. Куркулдап бир балээ болуп кетсе экен деп турат” деген Атамбаев Дүйшөбаевге окшогондор тополоңдордон пайда табаарын айткан.

Сотто Атамбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев экс-президент бул сөздөрдү мурда-кийин массалык маалымат каражаттарына жарыяланган макалалар менен маектерден алганын жүйө кылды.

Кантемир Турдалиев.
Кантемир Турдалиев.

- Доогерлер бир дагы Интернет булагын, бир дагы массалык маалымат каражатын сотко берген эмес. Булар алгач ошону сотко берип тактап алып туруп, бизге “мына бул жалган экен. Биз массалык маалымат каражатын сотко бердик, калп” деп доо койсо жакшы болмок. Бул жерде көрүнүп тургандай Алмазбек Атамбаев доогерлер боюнча массалык маалымат каражаттарына чыккан нерселерди эле кайталап койгон. Доогерлер ушундан улам эле сотко берип жатышат.

Үч саясатчынын Атамбаев менен “Апрелге” койгон материалдык доосу мурдагы бийликтин тушунда массалык маалымат каражаттарына каршы берилген миллиондогон сомдук доолорду эске салды.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай журналисттерге каршы берилген арыздар менен соттук иштер Кыргызстандын сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчүнө кедергисин тийгизип жатканын белгиледи.

- Экс-президент Алмазбек Атамбаев учурунда журналисттерге, сөз эркиндигине басым кылган. Бийликтен ушул мүмкүнчүлүгүн алып коюш керек деп жарандык коомдун өкүлдөрү айтып келе жатат. Анткени ЖМКлар адамдын айтканын, оюн гана жеткирет. Бирок убагында Жогорку Кеңеш аны чагылдырган массалык маалымат каражаты да жооп бериш керек деп кабыл алып койгон. Ошондуктан биз сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк индекстерде артта калып жатабыз.

Үч саясатчынын Алмазбек Атамбаев менен “Апрель” каналына берген доо арызы боюнча кийинки соттук отурум 26-февралга белгиленди.

Башкы прокуратура 2017-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин намысына шек келтирди деген жүйө менен бир катар маалымат каражаттарына айып таккан.

Октябрь райондук соту "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер: Нарын Айып 9 миллион, Дина Маслова 3 миллион, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ​3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Кийин Атамбаев материалдык доосунан баш тарткан.

Андан мурдараак “Азаттык медиа” мекемесин да сотко берип, бирок доо арызды кайра кайтарып алган. 2017-жылы оппозициялык маанайдагы "Сентябрь" телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө соттун чечими менен тыюу салынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG