Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

ЖМТРК: Кызматкер директордун үстүнөн президентке арызданды


Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы
Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы

Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директорунун орун басары Байгазы Райымкулов жетекчисинин моралдык кысымына дуушар болуп келе жатканын айтып президентке жана прокуратурага кайрылды.

Райымкулов "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, ортодо пикир келишпестик жаралышына жумуш эмес, Фейсбуктагы жазышуу себеп болгон.

- Өткөн жылы басым кылып, жумуштан кетүүгө арыз жаздырган. Бирок маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы департамент мени кайрадан өз ордумда калтырган. Учурда кошумча гонорар акыдан бери кыскартып, ар кандай тоскоолдуктарды жасап жатат. Өлкө башчысына, министрге жана прокуратурага кайрылууга аргасыз болдум, – деди ал.

Ал эми телеканалдын юристи Чыңгыз Мырзабеков орун басар эч кандай кысымга алынбаганын билдирди.

- Айткандары чындыкка дал келбейт. Ал катардагы оператор же кызматкер эмес, облустук телеканалдын башкы директорунун орун басары. Мажбурлап арыз жазылганын да далилдеп бериши керек. Президентке кайрылаардан мурун өзүн кызматка дайындаган департаментке кайрылса болмок экен, – деди Мырзабеков.

Кырк чамалуу кызматкери бар ЖМТРК күн сайын 17 саат эфирге чыгат, көрсөтүүлөрү Жалал-Абад, Ош аймактарын камтыйт. (RsK)

XS
SM
MD
LG