Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

УКМК: Милиционер жетектеген кылмыштуу топ кармалды


Иллюстарциялык сүрөт.
Иллюстарциялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык милициясынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук кызматкери жетектеген үч адамдан турган топ кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, милициянын майору 600 доллар алып жаткан учурда колго түшүрүлдү.

“Ишиңди жаап берем” деп 1000 доллар талап кылып жатышканын айтып атайын кызматка тургундардын бири кайрылган. Анын арызы боюнча териштирүү жүрүп, милиционер жетектеген топ адамдарга жашыруун түрдө маңзат таштап коюп, опузалап жүргөнү аныкталды дейт Сулайманов:

- Жарандарга маңзат таштоо жолу менен опузалап акча талап кылуу боюнча туруктуу мыйзамсыз система түзүп алган. Бул фактка байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталып, материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кылмышка шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG