Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Апта: ЖЭБ иши, Атамбаевдин ролу


Бишкек Жылуулук электр борборун модернизация болгондон кийин ачуу иш-чарасына президент Алмазбек Атамбаев катышкан. 30-август, 2017-жыл
Бишкек Жылуулук электр борборун модернизация болгондон кийин ачуу иш-чарасына президент Алмазбек Атамбаев катышкан. 30-август, 2017-жыл

Узап бараткан апта ичиндеги урунттуу окуяларга сереп.

Башкы прокурордун маалыматы

Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча 14-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берди.

2018-жылдын 26-январында Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттер беш күн бою жылуулуксуз калган. Бул жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытайдан алынган 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан. Ага байланыштуу козголгон кылмыш иштер боюнча айыпталып жаткан жогорку кызмат адамдарынын иши сотко өттү.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорундагы бул “коррупциялык иште уюштуруучу” катары президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Сапар Исаков турганын, ага айып коюлганын кошумчалады.

- Жалпы чыгымдарды 386 миллион долларга жеткириш үчүн курулуш материалдары менен жабдуунун баасын атайылап жогору көргөзүп жазышкан. Тергөөнүн жыйынтыгы менен президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаков кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, өкмөттүн укуктарын өзүнө ыйгарып алуу менен компанияны тандоону, келишимдин баасын бекитүүнү жана кол коюуну уюштурганы аныкталды.

Башкы прокур Өткүрбек Жамшитовдун парламентте айтканына караганда, 2010-жылдын январь айында Өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттик (ЦАРИИ) бир катар инвесторлор жана компаниялар менен Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун 150 миллион долларга ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Алардын арасында Кытайдын компаниялары да болуп, бирок 2010-жылдын апрель айынан кийин, атап айтканда Бакиевдер бийликтен кулагандан кийин бул багытта сүйлөшүүлөр токтоп калган. Ал эми эки жылдан кийин долбоорду аткарууну 386 миллион долларга баалаган келишим даярдалган.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов парламенттин депутаттары Асылбек Жээнбековду, Каныбек Иманалиевди, Кожобек Рыспаевди, Курманбек Дыйканбаевди Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча жоопкерчиликке тартууну сунуш кылып келе жатат.

Адвокат Кытайдын ТВЕА компаниясы менен макулдашууну ратификациялоодо парламенттин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун жана жогоруда аты аталган депутаттардын тийиштүү комитеттерди башкарганы үчүн да жоопкерчилиги бар экенин белгилеген.

Бул маселени 14-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина да көтөрдү:

- Ал кездеги тиешелүү комитеттин мүчөлөрү менен жетекчилери эмне себептен жоопко тартылган эмес? Бизди мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген жана чыгымдары ашыкча көрсөтүлгөн келишимди кабыл алууга үндөгөн ошондогу парламенттин төрагасы эмнеге жоопко тартылган жок? Демек, бул жерден биз жоопкерчиликти өзүбүздөн алып салып, күнөөнүн баарын жогорудагы сегиз кишиге гана жүктөп, «ошолор жооп беришсин» деп жатабыз. Депутаттарды эмнеге жоопко тартпай жатасыңар?

Карамушкинанын сөзүнө экс-спикер Асылбек Жээнбеков жооп берип, депутаттар ал кезде өкмөттүн сөзүнө ишенип, колдоп бергенин айтууда. Жээнбеков бул маселеде Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин кынтыксыз аткарып бергенин белгилеп, элдин да, парламенттин да ишеничин ошол келишимди түзгөндөр актаган жок деген бүтүм чыгарды.

- 9-10-сентябрда биздин комитеттер караган, 11-сентябрда өкмөт келишимге кол койду. Кайра декабрда өкмөт бизге даяр мыйзам долбоорун жиберип, "мыйзам долбоорун токтоосуз карап берсин" деген ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин колу коюлган каттын коштоосунда келген. Ошондуктан, бир күндө үч окуудан карап, өткөрүп бергенбиз. Мындай, "кечиктирилгис, кезексиз, токтоосуз каралсын" деген мыйзам долбоорлору парламентке мурда да келип жүргөн, азыр деле келип жүрөт. Уурулар жооп бериши керек.

Сотко өткөн иштер, Атамбаевдин ролу

Ал арада Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча козголгон негизги кылмыш иши сотко өттү. Кийинки жумада ал карала баштайт. Анда экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, экс-каржы министри Ольга Лаврова айыпталууда. Лавровадан башкасынын баары азыр камакта.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун парламентте маалымдашынча, айыпталып жаткан мурдагы жогорку кызмат адамдарынын банк эсептеринен уурдалган акчанын изи табылган эмес. Ошол эле кезде бул кылмыш иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин орду тууралуу материалдар өзүнчө бөлүнүп алынган.

- "Коррупция" беренеси боюнча Исаковго уюштуруучу деген айып тагылган. Анын экс-президент менен жазышкан каттары бар. Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгына олуттуу зыян келгендиктен, "Коррупция" беренеси боюнча тергелип жатат. Экс-президентке караштуу материалдар өзүнчө бөлүнүп алынды. Тергөө тобу ага өзүнчө укуктук баа берет.

Ал эми Кыргызстан социал-демократиялык партиясы 14-февралда Жогорку Кеңештеги Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат угуу - бийликтин сотко эптеп жасалган далилсиз кысымы деген билдирүү таратты. Партиянын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаеванын айтымында, бийликке сотко ушундай кысым жасоо керек болуп турат.

- Анткени жок дегенде бир аз акыйкаттык бар соттук процессте ЖЭБди модернизациялоодон келип чыккан зыян боюнча тергөөчүлөрдүн оюнан чыгарылган айыптоолордун оңой эле быт-чыты чыгат. Биринчиден, зыяндын суммасы ачык эле ойдон чыгарылган. Экинчиден, Сапар Исаковдун спикерди, премьер-министрлерди жана башка адамдарды мыйзам бузууга мажбурлаганы боюнча эч кандай далилдер жок. Үчүнчүдөн, кимдир-бирөөлөр кысым көрсөткөн күндө да алар мыйзамды бузууга укуктары бар беле? Спикер да, премьер-министр да эч качан президентке, анын аппаратына баш ийген эмес. Алардын ар биринде бийлик да, ыйгарым укуктары да жетишерлик болгон. Демек, жоопкерчилик да ошончолук болушу керек.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков камалгандан бери ага карата саясий куугунтук болгонун айтып келе жаткан анын адвокаты Нурбек Токтакунов эми ишти сотто кароо деле калыс жүрбөйт деген ойдо турат.

- Бул тергөөдө Сапар Исаковду «мафиянын башчысы» деп эле жыйынтык чыгарып коюп жатышпайбы, - деди адвокат. - Бирок анын акчаны алган, акчаны жөнөткөн же башка аракеттери боюнча эч бир далил келтирилген эмес. Жөн эле, сөз менен эле «Сапар Исаков башкарган» деп коюшкан. Бирок чечимди, келишимди ошол эле парламент ратификациялаган да. Ага карабай негизги айып Исаковго коюлуп жатканы бул саясий буйрук болуп жатканын айгинелеп турат. Биз сотто албетте, күрөшөбүз, коргоо иштерин алып барабыз, бирок мамлекеттин башчысы прокуратура, сот системасына таасир этип жаткан кезде бул иш калыс каралаарына ишенич жок. Анткени сотко басым болот.

2017-жылдын июнь айында президент Алмазбек Атамбаев "Кыргызстанда сот реформасы абдан ийгиликтүү жүрдү, биз соттор корпусунун үчтөн эки бөлүгүн жаңыладык, материалдык техникалык базасын да чыңдадык, биздин соттор башкача иш алып бара баштады” деп жарыялаган. Бирок кийинки президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасына байланыштуу жыйындарда жарандардын кайрылууларынын 70 пайызы сотторго нааразы экенин белгилеп, андыктан реформаларды тездетүүнү айтып келе жатат.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткандардын ишин кароо - Сооронбай Жээнбековдун өзү айтып келе жаткан сот реформасы үчүн сыноо катары бааланууда. Бирок Жогорку кеңештин депутаты Курманкул Зулушев бул ириде Алмазбек Атамбаев үчүн чоң сыноо дейт:

- Күнөөсүз адам соттолбошу керек. “Эмнени эксең ошону аласың” деген сөз бар. Мурунку президентибиз алты жыл сот реформасы деп, дүрүлдөтүп, кодекстерден бери алмаштырып, сотторду алмаштырган. Чындыгында сот реформасы болдубу же сотторду талкалоо болдубу эми өздөрү көрөт. Себеби азыр ошол адамдын командасы соттолуп жатат. Ошол адамдын өзүнүн да башына түшүшү мүмкүн. Сот реформасынын жүзү эми билинет.

Экс-президенттердин кол тийбестиги

Ушул эле жумада, 13-февралда парламент “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алды. Бул - мурдагы президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу берене.

Экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу маселе парламентте алгач былтыр, Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу талкуу учурунда көтөрүлгөн.

Юристтер арасында мыйзамда каралган кол тийбестик укугунан ажыратуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге көбүрөөк тиешелүү болору айтылып келген. Декабрда мыйзам биринчи окууда кабыл алынганда анын авторлору бул аркылуу экс-президенттердин чексиз кол тийбестик укугу жоюларын жана мыйзам алдында бардык жарандардын тең укуктуулугун камсыз кылуу принциби калыбына келтириле турганын белгилешкен. Бирок 13-февралда экинчи окууга келгенде ал олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Исхак Масалиевдин айтымында, мыйзамдын кол тийбестик тууралуу 12-беренесин алып салуу сунушталып жаткан, бирок дал ушул берене башка депутаттардын сунушу менен кайра күчөтүлүп калды:

- Кол тийбестикти мурункудан да бийигирээк кылып коюшту, «Жогорку Кеңештин үчтөн экиcинин добушунун макулдугу керек, Башкы прокурор «кылмыштын белгилери бар» деп корутунду берип, экс-президент деген наам алынгандан кийин жоопко тартса болот» деп. Мындай сунуш биз жазган концепцияга таптакыр дал келбейт, түп-тамыры менен алмашууда. Биз «алалы» десек, булар «кошолу» деп жатат.

Буга чейин Конституциялык палата да «мыйзамдын 12-беренеси Баш мыйзамга каршы келет, бирок экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу учурдагы президентке импичмент жарыялоо процедурасынан жеңил болбошу керек» деп, өкмөт менен парламентке мыйзамды оңдоону сунуш кылган.

Президенттин Конституциялык палатадагы мурунку өкүлү Нурбек Касымбеков мыйзам долбоорунда азыр деле адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын чектеген сунуштар кирип калганын айтып, алар Конституцияга карама-каршы келерин билдирди:

- Депутат Акылбек Жапаровдун сунушу менен кабыл алынган “экс-президент мамлекеттик бийлик органдарында саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө, ошондой эле саясий партияны жетектөөгө укугу жок" деген ченемдер Конституциядагы адамдардын укугу тууралуу беренелерге каршы келет. Бул жаңы мыйзам долбоорунда Конституциянын он чакты беренеси бузулуп жатат.

Эгемен Кыргызстандын 28 жылдык тарыхында өлкөнү беш президент башкарды. Экс-президент деген макам алардын экөөндө - Роза Отунбаевада жана Алмазбек Атамбаевде гана бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев 2005 жана 2010-жылдардагы элдик козголоңдордон кийин өлкөдөн чыгып кетишкен.

Трамптын өзгөчө абалы

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп АКШ менен Мексиканын чек арасына дубал курууга акча табуу үчүн өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин жарыялады.

15-февралда жасаган билдирүүсүндө анын бул кадамы дубал көтөрүүгө көбүрөөк акча тартыш үчүн Конгрессти кыйгап өтүүгө жол ачат.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Биз өлкөбүзгө баңгизаттын, аткезчилердин жана башка кылмышкерлердин кирип жатканын көрүп жатабыз. Буга уруксат бербөө керек. Өзгөчө режим абалына башка президенттер да көп жолу кол койгон.

Конгрессте республикачылар менен демократтардын ортосунда жетишилген соңку макулдашууда чек арага тосмолорду орнотууга Трамп сурагандай, 5,7 миллиард доллар эмес, 1,3 миллиард доллар гана бөлүп берүү каралган. “Чек ара коопсуздугу жөнүндө акт” деп аталган макулдашылган долбоорду бейшемби күнү республикачылар көпчүлүктү түзгөн Сенат кабыл алса, ал эми жума күнү аны демократтар үстөмдүк кылган Өкүлдөр палатасы бекитип берген.

Бирок Трамп өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо менен Конгрессти кыйгап өтүп, башка булактардан дубалдын курулушуна сегиз миллиард доллар бөлдүрүп алууну көздөп жатат. Ак үйдүн билдиргенине караганда, бул үчүн Трамп каражатты Каржы жана Коргонуу министрликтеринин казынасынан алууну боолголоодо.

Дубалга байланыштуу демократтар менен республикачылардын ортосундагы талаштын айынан Трамп бюджетке кол койбой, АКШнын федералдык өкмөтүнө 22-декабрдан 25-январга чейин, 35 күн бою каржы бөлүнбөй калган. Америкалыктар атагандай, бул АКШнын тарыхындагы эң узак «шатдаун» болду. АКШда бюджетти Конгресс бекитет. Трамп эми дубал үчүн каражатты бюджеттен ала албай калган соң өзгөчө абал режимин колдонгону турат.

Бирок анын Конгрессти айланып өтүү чечимин талдоочулар бийликти узурпациялоо аракети катары баалашып, бул констициялык кризиске алып келерин эскертүүдө. Демократтардын башкы өкүлдөрү муну бийлигинен кыянат пайдалануу деп аташты.

Өкүлдөр палатасынын юридикалык комитети Трамптын чечимин текшерүү демилгесин көтөрдү. Конгрессмендер Юстиция министрлигинин катышуусунда атайын угуу өткөрүүнү талап кылышуу. Трамптын администрациясына жолдонгон кайрылууда депутаттар Мексика менен чек арадагы кырдаал боюнча Трамп айтып жаткан маалыматтар чындыкка коошпой турганы айтылат. Алар өзгөчө кырдаал режимин жарыялоого негиз болгон адистердин сунуш-тыянактарын да берүүнү талап кылган.

АКШ менен Мексиканын чек арасы.
АКШ менен Мексиканын чек арасы.

Трамптын чечимине каршы жок эле дегенде эки коомдук уюм, андан тышкары Нью-Йорк штатынын прокурору Летиция Джеймс, Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом жана Калифорниянын башкы прокурору Хавьер Бесерра сотко кайрылыша турганын билдиришти.

- Америкада эч ким, анын ичинде президент да мыйзамдан өйдө турбайт. Президенттин жеңил ойлуулук кылганга ыйгарым укугу жок, - деди Калифорниянын башкы прокурору Хавьер Бесерра.

Ал эми Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом Трампка "сотто жолугушабыз" деди:

- Биздин Ак үйгө айтаарыбыз так жана түшүнүктүү. Биз силер менен сотто көрүшөбүз.

Республикачылардын ичинен Митт Ромни, Марко Рубио жана Сюзан Коллинз да Конституция боюнча Трапмтын чечимин күмөндүү деп баалашты.

АКШнын Мексика менен чек арасынын жалпы узундугу 3200 чакырымды түзөт жана анын айрым бөлүктөрүндө дубал азыр деле бар. Президент Трамп буга чейин да АКШга аткезчилик жол менен ташылып келген баңгизаттардын кесепетин эске салып, жума сайын жалаң эле героинден 300дөй америкалык каза табаарын, бул баңгизаттын 90 пайызы түштүктөгү чек ара аркылуу келерин айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG