Ооганстан талибдер Пакистанда өтө турган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакыруу алганына нааразылык билдирди. Ооган бийлиги алар Бириккен Улуттар Уюмунун санкциясына алынган согушкерлер тобу экенин эскертип, “Талибандын” өкүлдөрүн чакырар алдында расмий Кабул менен кеңешүү зарыл эле деп айтты.
Пакистан бийлиги “Талибан” кыймылы 18-февралда Исламабадда Ооганстанда тынчтык орнотуу маселесин талкуулоо үчүн АКШ менен жолугушууга чакырылганын, өкмөт башчысы Имран Хан менен да жолугушуу пландалганын билдирген.
Ооганстандын БУУдагы миссиясы «Талибан-Пакистан» кыймылын «Ооганстандын улуттук суверенитетин бузуучу» деп атап, ооган өкмөтү менен бул багытта эч кандай макулдашуу болбогонун жүйө келтирди.
Исламабад Ооганстанга коңшулаш жана аймактагы куралдуу держава катары бул маселеде маанилүү роль ойношу мүмкүн. Азыр 1,5 миллионго жакын оогандык качкын Пакистанда жашайт.
АКШнын расмий өкүлдөрү, анын ичинде Кошмо Штаттардын Ооганстандагы тынчтык боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен талибдердин сүйлөшүүлөрү акыркы айларда кызыды. Буга чейин сүйлөшүүлөрдө жылыш болгону кабарланган. Бирок АКШнын расмий өкүлдөрү келишимге жетишүү үчүн көп иш жасаш керек экенин билдирип жатышат. (RK)