Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Трамп Сирияга Европадан барган согушкерлер соттолбосо, алар кое берилерин айтты


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп өлкөнүн Европадагы өнөктөштөрүн Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарында согушуп жүрүп колго түшкөн 800 европалыкты мекенине кайтарып, сот жообуна тартууга чакырды.

Ал бүгүн 17-февралда Улуу Британияга, Францияга, Германияга жана башка Европа мамлекеттерине кайрылып, “Биз Сирияда кармаган 800 согушкерди үйүнө алып кетип, соттогула. Эгер бул маселени чечпесеңер, биз аларды кое берүүгө мажбур болобуз” деди.

Былтыр жыл аягында Кошмо Штаттардын президенти Сириядагы америкалык аскерлер чыгарылып кетерин, себеби алардын миссиясы аткарылганын, “Ислам мамлекети” террордук тобу жок кылынганын айткан.

Wall Street Journal кабарлагандай, АКШнын Сириядагы контингенти апрелдин аягында чыгарылат. (RK)

XS
SM
MD
LG