Грузияда өзбекстандык аял 12 жылга кесилди. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын маалыматына караганда, өкүм Батуми шаардык сотунда чыкты. Ал аял өзүнүн жердешин сойкулукка мажбурлаган деп айыпталып кармалган.
Тергөөнүн материалдарында алданган келинди былтыр Өзбекстандан чакыртып алып, паспортун жана акчасын алып койгону айтылат.
Кылмыш иши козголгондо шектүү аял качып кетип, кийин кайра эки жумадан кийин колго түшүрүлгөн. (RK)