Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:48

КТРКнын жетекчилигине жети киши арыз тапшырды


КТРКнын курамындагы телеканалдардын логотиптери коюлган микрофондор. Иллюстрациялык сүрөт.
КТРКнын курамындагы телеканалдардын логотиптери коюлган микрофондор. Иллюстрациялык сүрөт.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилик ордуна жети киши арыз берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди.

Ал талапкерлердин аттары арыздар кутучадан алынгандан кийин гана белгилүү болоорун айтты. Документтерди кабыл алуу бүгүн, 18-февралда аяктайт.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Байкоочу кеңеш аны жабык добуш берүү менен тандайт.

Сынак КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбековдун иш мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу 18-январда жарыяланган. Карыпбеков өзү да кайра талапкер катары арыз берерин билдирген.

​Коомдук биринчи каналдын курамында учурда алты телеканал: “КТРК”, “КТРК Музыка”, “Маданият-Тарых-Тил”, “Баластан”, “КТРК Спорт” жана “Ала-Тоо 24” обого чыгууда. Ошондой эле аталган медианын Кыргыз радио бирикмесинде беш радио: “Биринчи радио”, “Кыргыз радиосу”, “Миң кыял”, “Достук”, "Балдар FM" радиолору бар. Телеканалга мамлекеттен жылына 400 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG