Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:31

КТРК жетекчилигине 11 талапкерден арыз түштү


КТРКнын курамындагы телеканалдардын логотиптери коюлган микрофондор. Иллюстрациялык сүрөт.

Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгомбаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, 18-февралда КТРКга жетекчи болууну каалаган 11 талапкер арыз тапшырды.

- Ушул сааттарга карата 11 талапкер арыз берди, бүгүн кечке чейин дагы көбөйүшү ыктымал, - деди ал.

Болгомбаевдин айтымында, бүгүн саат 17:00дө КТРКнын жетекчилигине талапкерлерден арыз алуу аяктайт. Талапкерлердин аттары арыздар кутучадан алынгандан кийин гана белгилүү болот.

"Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Байкоочу кеңеш аны жабык добуш берүү жолу менен тандайт.

Сынак КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбековдун иш мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу 18-январда жарыяланган. Карыпбеков өзү да кайра талапкер катары арыз берерин билдирген.

​Коомдук биринчи каналдын курамында учурда алты телеканал: “КТРК”, “КТРК Музыка”, “Маданият-Тарых-Тил”, “Баластан”, “КТРК Спорт” жана “Ала-Тоо 24” обого чыгууда. Ошондой эле аталган медианын Кыргыз радио бирикмесинде беш радио: “Биринчи радио”, “Кыргыз радиосу”, “Миң кыял”, “Достук”, "Балдар FM" радиолору бар. Телеканалга мамлекеттен жылына 400 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG