Өзбекстандын Борбордук банкы 25-февралдан тарта 100 миң сумдук акчаны жүгүртүүгө чыгарат. Жаңы банкнотага азиздер колго кармаганда дароо сезиле турган белги коюлган.
100 миң сомдук банкнота өзбек окумуштуусу Мирзо Улугбекке жана анын астрономия илиминдеги жетишкендиктерине арналган.
Атайын корголгон кагазга басылган акчанын көлөмү 144×78 миллиметр. Анын оң жак бетине Мирзо Улугбектин эстелигинин сүрөтү түшүрүлгөн. Ошондой эле сол жак чекесинде азиздер үчүн атайын белги коюлган.
15-февралда Борбордук банк 100 миң сумдук акчаны өзбек парламенти бекиткенин жарыялаган.
Чоң суммадагы банкнота акча колдонуудагы ыңгайлуулук жана улуттук валютаны оптимизациялоо максатында киргизилип жатканы кабарланды.
2017-жылы өлкөнүн банкы дээрлик эки жолу улуттук валютасын девальвация жасаган.
Былтыр 5-сентябрда бир АКШ доллары 8100 сумга барабар болгон. Ага чейин 4210 сум болчу.
Борбордук банктын маалыматына караганда, 18-февралда бир АКШ доллары 8395 сумга тете деп бааланды.