Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Кырктан ашуун мектеп жана бала бакча бир күнгө жабылды


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Суунун токтотулганына байланыштуу Бишкек шаарындагы 15 мектеп, 27 бала бакчада окуу процесси 19-февралда бир күнгө убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алманбетова билдирди.

Анын айтымында, шаардагы №3, 14, 17, 20, 26, 37, 39, 56, 60, 63, 71, 13, 55, 72, 80 мектептер жана №10, 44, 71, 79, 82, 94, 107, 109, 111, 112, 120, 123, 127, 133, 135, 138, 140, 142, 157, 173 бала бакчалары бир күнгө жабылат.

Мындан сырткары атайын адистештирилген № 85, 87, 104, 117, 122, 134, 174 мектепке чейинки билим берүү мекемелери да ишин убактылуу токтотот.

Мунун алдында мэрия 19-февралда саат 09:00дөн түнкү 24:00гө чейин калаанын түштүк тарабындагы райондордо ысык жана муздак суу токтотуларын кабарлаган. Бул “Бишкек суу канал” ишканасынын түтүк системасындагы оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылган. Түтүктөр суу сактоочу жаңы 35 кампанын курулуп бүткөнүнө байланыштуу оңдолуп жатат.

Ичүүчү суу №3, 4 ,5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, Асанбай, Жал-15, 23, 29, 30, Юг-2, Көк-Жар, Улан-1, Улан-2 кичирайондорунда, Көк-Жар, Жогорку Көк-Жар, Арча-Бешик, Ынтымак, Бакаев, Киргизия-1, Киргизия-2, Ала-Арча, Браво, Ордо, Орто-Сай-2, Сары-Өзөн, Салкын-Төр массивдеринде, “Совмин” шаарчасында, Орто-Сай, Чоң-Арык жана Төмөнкү-Орок айылдарында токтойт.

Жылуу жана муздак суунун өчүрүлүшү боюнча кошумча маалымат алуу үчүн “Бишкек суу каналдын” 0312560320, “Бишкек жылуулук энергонун” 0312212906 диспетчердик номерлерине байланышка чыкса болот. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG