Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Өкмөт коррупцияга каршы орган түзгүсү келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы иш-чараларынын үч жылдык планын даярдады жана документти коомдук талкууга чыгарды.

Анда атайын бир орган түзүү, текшерүүнү, көзөмөлдү күчөтүү, мыйзамдарды өзгөртүп-жаңылоо сыңары сунуштар бар. Өкмөттүн коррупцияга каршы демилгелери түрдүү пикир жаратты.

Кыргыз өкмөтү коррупцияга каршы улуттук саясатты жүзөгө ашырыш үчүн атайын бир орган түзүүнү караштырып жатат. Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулунун айтымында, бул “Мамлекеттик органдардын 2019-2021-жылдарга карата коррупцияга каршы чараларын ишке ашыруу боюнча иш пландарын бекитүү” токтомунун долбоорунда көрсөтүлдү.

Чыңгыз Эсенгул уулу.
Чыңгыз Эсенгул уулу.

- Бул пландын долбоору мамлекет жүргүзүп жаткан антикоррупциялык саясаттын алкагындагы чараларды мындан ары жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан, - деди өкмөттүн өкүлү. - Ошондой эле долбоордо «Коррупция менен күрөшүү боюнча Стамбул планын» аткаруу жагынан Кыргызстандын мониторингинин төртүнчү айлампасынын алкагында иштелип чыккан Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) сунуштары эске алынган. Иш-чараларда өзүнчө укуктук эмес антикоррупциялык органды түзүүнүн максатка ылайыктуулугун жана каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн терең талдоо каралган. Пландалган иштердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынмакчы.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканованын пикиринде, жаңы орган түзүү боюнча бардык жагдайлар кылдат талданып чыгышы керек жана ириде бул көрүнүштүн алдын алууга көңүл буруу зарыл.

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

- «Ушундай орган керек» деген сунуш Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ОЭСР) Коррупцияга каршы күрөш боюнча Стамбул планында бар, - деди Нурипа Муканова. - Ал жакта Кыргызстан боюнча 4-айлампа өтпөдү беле. Азыр коррупция менен күрөшүп жаткан органдар абдан көп болуп жатат. Бирок алардын жасап жаткан иши координацияланбай жатат. Мамлекеттик органдар өкмөткө баш ийет, коррупцияга каршы иш-аракеттери тууралуу өкмөткө отчет берет. Ошол эле убакта Башкы прокуратура өкмөткө маалымат бергени менен президентке баш ийет. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы жана Коопсуздук кеңеши президентке карайт. «Ушулардын баарын координациялаган бир орган керек» деген сунуш болгон. Бирок ошол түзүлө турган орган өкмөттүн же президенттин алдында болобу, ага кеңири укук берилеби - ушунун баары каралышы керек. Мунун баары талкууланып, ойлонуштурулушу зарыл. Кыргызстанда коррупциянын алдын алуу иштери дээрлик жүрбөй жатат десек болот. Жалаң эле Кылмыш-жаза кодекси менен иш жүрүп, кылмыш иштери козголуп, бирок кылмыштын алдын алуу болбой жатат. Биз «коррупциялык схемалардын баары мыйзамдарда, жоболордо» деп жатабыз. Мисалы, Румынияда Коррупцияга каршы экспертиза жана коррупциянын алдын алуу борбору бар. Ал мыйзамдарды, мыйзам долбоорлорун карап, «кайсынысы коррупцияга жол ачат, анын артында кандай коррупциялык схема жатат, кимдер турат, кандай зыян жаратат» деп иликтеп, алдын алуу боюнча чара көрөт. Бизде ушундай иштер болбой жатат.

Бирок атайын коррупция менен күрөшкөн бир орган түзүү демилгесине каршы болгондор да көп. Алардын бири, Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин мүчөсү, "Республика – Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев өз позициясын мындайча негиздеди:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Биз коррупцияга каршы күрөшүп жатканыбыз менен анын негиздерин жокко чыгара албай жатабыз. Мыйзамдардагы жылчыкчаларды бүтөй албай жатабыз. Бирок бюджет тартыш болуп турган шартта дагы бир орган түзүү туура эмес болуп калат. Жашоо өзгөрүп, технологиялар алмашып, коррупционерлердин да ыкмалары өзгөрүп жатат. Коррупция бир эле мамлекеттин проблемасы болбой, эл аралык көрүнүшкө айланып баратат. Ушул жагына көп көңүл буруш керек. Коррупцияга каршы күрөш жөн эле популисттик кадам болбой, реалдуу иштер жасалышы зарыл. Бүгүнкү күндө өкмөттүн аппараты, ошол эле Юстиция министрлиги ишке ашыра ала турган эле маселе. Жаңы орган түзүүнүн, аткаминерлерди көбөйтүүнүн кажети жок. Болгону багыттамаларды берип, тапшырмаларды так койгон оң.

Өкмөттүн планында жарандык демилгелерди колдоо тууралуу да жобо бар. Ошондой эле аймактарды өнүктүрүү боюнча фонддордун ишинин айкындуулугун арттыруунун зарылдыгы тууралуу жазылган. Коомдук ишмер, экс-депутат Ишенбай Кадырбеков көзөмөлдү күчөтүш керек деген ойдо.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- Негизи түзүмдөрдүн баары эле бар, - деди ал. - Эгер алар милдетин так аткарбай жатса, анда аларды Башкы прокуратура көзөмөлдөшү керек. Алардын негизги милдети - коррупцияга каршы мыйзам бузгандардын тизгинин тартып, тартипке чакыруу. Жаңы орган ачуунун ордуна көзөмөл кыла турган органдар кандай деңгээлде иштеп жатканына, милдетин кандай аткарып жатканына кызыгып, өкмөттүн аппараты иштеши керек. Мына ушуларды жакшылап иштетсе эле ресурс жетиштүү. Эгер бир проблема болсо ага байланыштуу бир орган ачып, ал эптей албаса дагы башкасын ачып, айтор мунун аягы көрүнбөй, токтобой кете берет.

УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматы мындан сегиз жыл мурда түзүлгөн жана ошондон бери эле аны "Конституцияга каршы келет" деген дооматтар маал-маалы менен айтылып келген. Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев коррупцияга каршы күрөштү атайын кызматтан ажыратуу зарыл деген оюн айтты:

Амангелди Муралиев.
Амангелди Муралиев.

- Бул түзүмдү УКМКдан алып, ал жактагы штаттарды да алып, анын баарын Финполицияга берип, ошол жакта орган түзүш керек. Коррупционерлер деген уюшкан жегичтер да. Финансы, бизнес, мамлекеттик органдар менен байланышып алып, чогуу-чаран топ түзүп, уюшуп алышат. Азыр колдо болгон эле ресурстарды кайра карап чыгып, бул түзүмдү УКМКдан алыш керек.

Мындан туура бир жыл мурун Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция маселеси талкууланган. Анда президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшкөн мамлекеттик органдардын баарын сынга алган жана күрөштү күчөтүүнү, айрым таза эмес кызматкерлерден арылууну талап кылган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG