Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Аскар Акаев УИАнын академиктер тизмесинен чыгарылган жок


Аскар Акаев.
Аскар Акаев.

Аскар Акаев Улуттук илимдер академиясынын академиктер тизмесинен чыгарылган жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуттук илимдер академиясынын басма сөз катчысы Ыкыбал Айдарова билдирди.

Буга чейин «Акипресс» маалымат агенттиги «Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Улуттук илимдер академиясынын башкаруучу кеңешинин тизмесинен чыгарылды» деген маалымат тараткан. Ыкыбал Айдарова бул маалыматты төгүндөп, Акаев болгону жылдык жыйынга катышуучу мүчөлөрдүн курамынан чыгарылганын билдирди:

- Акаевди академиктердин мүчөлүгүнөн алып салышкан жок. Болгону бүгүнкү жылдык отчеттук жыйынга катышкан мүчөлөрдүн курамынан алынды.

Жалпысынан Улуттук илимдер академиясында 34 академик жана 40 мүчө-корреспондент бар. Жобого ылайык алардын баары академиянын жылдык жалпы жыйынына катышууга милдеттүү. Бирок ага катышууга болгону 28 академик каттоодон өткөн. Калгандары алыс жашагандыгына байланыштуу келе алган жок. Алардын ичинде Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев да бар. (KR)

XS
SM
MD
LG