Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Бишкек менен Ташкент ГЭС тууралуу сүйлөшөт


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСине байланыштуу Өзбекстанга атайын делегация жөнөткөнү жатат.

Бул жөнүндө 20-февралда Жогорку Кеңеште сууга байланыштуу мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтылды.

Расмий Бишкек менен Ташкент бул ГЭСти чогуу куруу жөнүндө 1,5 жылдай мурун макулдашканы менен азырынча иш илгерилей элек. Ага чейин Өзбекстан бул долбоорго ачык каршы чыгып келген эле.

Жогорку Кеңеш 20-февралда Суу кодексин жана «Суу жөнүндөгү» мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорлорун карады. Анда Кыргызстан менен коңшу мамлекеттердин сууну пайдалануу, энергетика жаатындагы алака-катышы боюнча кеп козголду. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисинин Камбар-Ата-ГЭСи тууралуу айткандарына байланыштуу өкмөттүн жообуна кызыкты:

Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

- Өзбекстандын элчиси ««Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча биздин ойлорубуз бар, биз сүйлөшкөнгө даярбыз» деп айтып жатат. Ушул билдирүүгө реакция болдубу? Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатабы?

Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев депутаттын суроолоруна жооп берип жатып жакында Ташкенте атайын делегация барарын маалымдады:

- Камбар-Ата-1 боюнча атайын жумушчу топ түзүлдү. Жакын арада ошол топтун Өзбекстанга барышы күтүлүп жатат. Жумушчу топ 2018-жылдын аягында түзүлгөн. Бул тууралуу алдын-ала телефон аркылуу байланышуу болду. Андан соң биринчи вице-премьердин катышуусу менен талкууланган. Жакында жумушчу топ ушул маселе боюнча Ташкентке барат.

Өкмөт өкүлү Кыргызстан Өзбекстанга кандай сунуш-шарт менен барарын ачыкка чыгарган жок. Энергетика министринин мурдагы орун басары Райымбек Мамыров Камбар-Ата-1 ГЭСинин эки өлкөгө тең пайдалуу жактарына токтолду:

Райымбек Мамыров.
Райымбек Мамыров.

- ГЭС курулуп бүткөндөн кийин ал жердеги суу сактагычта беш миллиард кубдун тегерегинде кошумча суунун запасы пайда болот. Кийинки убакта Токтогул суу сактагычында суу аз болуп калган жылдары биз электр энергиясынан өксүп калчубуз, коңшу мамлекеттер суудан өксүп калчу. Ошол кошумча суунун запасы болсо бул коңшуларга деле жакшы. Өзбекстан «биз ГЭСти чогуу салабыз, бизге кайсы бир көлөмдөгү сугат суу берип турасыңар» деп шарт коюшу мүмкүн. Кыргызстан суунун запастарын эске алып, бул талапка макул болсо деле болот. Бирок биз да «ошол суудан иштелип чыккан электр энергиясын Өзбекстан менен Казакстан сатып алып турат» деп келишсек болот. Ушундай узак мөөнөттөгү келишимдер түзүлсө бизге да, Өзбекстан менен Казакстанга да жакшы болот деп ойлойм.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Жаныбек Оморов эки тарап тең ириде экономикалык кызыкчылыкка басым жасашы керек экенин айтты:

- Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп калса, ал жактан электр энергиясы жетиштүү эле өндүрүлөт. Кыргызстан ал электр энергиясын кышында пайдаланса, Токтогулдагы суу жайында Өзбекстанга кенен жетмек. Бул эки тарапка тең пайдалуу болот. Азыр Токтогул ГЭСи энергетика багытында эле иштеп калбадыбы. Мурун болсо ирригация максатында иштечү. Жаңы ГЭС курулса андан өндүрүлгөн электр энергиясын Түштүк Азияга сатканга, чогуу пайда көргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Мурун бул долбоорго саясий гана карама-каршылык болуп келген. Азыр эми экономикалык кызыкчылыкка басым жасалса эки тарапка тең пайдалуу эле болот.

Расмий Ташкент Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна караманча каршы чыгып келген жана бул эки өлкөнүн алака-катышындагы түйүндүү маселеге да айланган. 2017-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенде коңшулар ГЭСти чогуу-чаран куруу тууралуу макулдашкан. Мирзеёв болсо ар тараптан колдоо болоруна ишендирүүгө аракет кылган.

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

- Атамбаев бир да ГЭС Өзбекстандын катышуусуз курулбай турганын айтты, - деген эле өзбек президенти. - Мен ага толук кошулам. Биз ар тараптан - каржы, ресурс жана башка жагынан толук көмөктөшүп, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз. Анткени ал бизге керек. Эгер биз чындап эле мамилени жандантпасак тарых кечирбейт. Биз муну акыл калчап, ойлонуп жасашыбыз керек. Эгер биз муну керек болгондой жасасак, бул эки өлкөгө тең пайдалуу болот.

Нарын дарыясына курулчу Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоору 1980-жылдардын аягында даярдалган жана кубаттуулугу 1 860 мегаватт деп эсептелген.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле бул долбоорду ишке ашыра албай келет. 2012-жылы Бишкек менен Москва Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСти куруу тууралуу макулдашкан. Ага ылайык, долбоорду орусиялык «РусГидро» компаниясы ишке ашырмак. Бирок бул боюнча иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2016-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. «РусГидро» компаниясы Гаага сотуна кайрылган жана кыргыз өкмөтүнө соттошуу боюнча кат жөнөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG