Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

ЕБ Румынияны сот мыйзамдарын өзгөртүү аракети үчүн сындады


Румыниянын прокурору Августин Лазарь.
Румыниянын прокурору Августин Лазарь.

Европа биримдиги Румыния өкмөтүнөн сот системасын өзгөртүү боюнча аракеттерге түшүндүрмө сурады.

Еврокомиссиянын өкүлү Маргаритис Скинас 20-февралда Брюсселдеги брифингде уюм Румынияда сот мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө байланышкан акыркы окуяларга тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын билдирди. Анын айтымында, Румыния реформаны тез арада калыбына келтирип, коррупция менен күрөштөгү прогресске жолтоо боло турган кадамдардан оолак болууга тийиш.

Румыния учурда алты айлык мөөнөттө Евробиримдик төрагалык кылууда.

Румын өкмөтү 19-февралда сот системасы боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. Бул аракет президент Клаус Йоханнистин кескин сынына кабылган.

XS
SM
MD
LG