Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:47

Сот эки колунан ажыраган жоокердин иши боюнча айыпталган эки кызматкерди актады


Колдорунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев ооруканада жаткан учуру.

Жалал-Абад облустук соту кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаевдин иши боюнча айыпталган аскерлердин жазасын кыскартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” жоокерге укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.

21-февралда чыккан соттун чечимине ылайык, №30295 аскер бөлүгүнүн командиринин техникалык маселелер боюнча орун басары толук акталды, курулуш маселеси боюнча сержанттын жазасы бир жыл шарттуу деп белгиленди. Былтыр 30-ноябрда Майлуу-Суу шаардык соту экөөнү тең үч жылга шарттуу кескен.

“Кылым шамы” уюму облустук соттун чечими колго тийсе, Жогорку сотко даттана турганын билдирди.

Майлуу-Суудагы аталган аскер бөлүгүндө кызмат кылган Сапарбаев 2018-жылдын 8-августунда кезмет учурунда токко урунган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Аскер прокуратурасы факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн.

Сапарбаевге дарыгерлер эки жолу операция кылып, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан.

Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, ал 2018-жылы жазында аскерге чакырылган. “Кылым шамы” уюму жоокер энеси менен чогуу батирде жашай турганын, үйү жок экенин, мамлекеттен турак жай өндүрүү маселеси да каралып жатканын кабарлаган. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG