Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

Ош түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланды


Ош шаары.
Ош шаары.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Дүйсен Касеинов менен жолугушуп, 2019-жылы Ош шаары түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары жарыяланышынын алкагындагы иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгын талкуулады.

Мындай чечим 2019-жылы Түркиянын Кастамону шаарында 2018-жылдын 18-декабрында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 36-жыйынында кабыл алынган.

Кыргызстандын шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары алгачкы ирет жарыяланууда. Мурда бул макамды Түркстан шаарынан тышкары Кастамону (Түркия), Мары (Түркмөнстан), Шеки (Азербайжан) жана Казань (Татарстан, Орусия) шаарлары алып жүргөн. (KR)

XS
SM
MD
LG