Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Чыгаша алып келген жетекчилердин “кара тизмесин” түзүү сунушталды


Чыгаша алып келген жетекчилердин “кара тизмесин” түзүү сунушу мамлекеттик баланста турган Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын иши тууралуу өткөн кеңешмеде айтылды.

Вице-премьер-министри Замирбек Аскаров чыгаша тарткан пансионаттардын жетекчилерин жоопко тартуу зарылдыгын белгиледи.

“Эгерде үч-төрт жыл киреше көрсөткүчтөрүн салыштырсак, 2017-жылы бул көрсөткүч кыйла төмөн болгон, буга байланыштуу алардын жетекчилери ээлеген кызматынан алынган. Ал эми 2018-жылы айрымдары оң, бирок дагы эле минималдуу көрсөткүч менен чыккан. Төмөндөөгө талдоо жүргүзүү жана чыгаша тарткан пансионаттардын директорлорун жоопко тартуу керек. Жетекчини жөн гана кызматынан алып салуу жетишсиз, киреше түшпөй калганын себебин изилдөө жана тергөө зарыл”, - деди вице-премьер-министр.

Жыйындын катышуучулары мамлекеттик ишканаларды чыгашага алып келген жетекчилердин «кара тизмесин» түзүүнү сунуштады. Кеңешмеге Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын жана бир катар тийиштүү ведомстволордун жетекчилери катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүнкү күндө өкмөттүн балансында 30 пансионат бар, алардын 29у Ысык-Көлдө, бирөө Ошто жайгашкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG