Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Индияда алкоголдук ичимдикке ууланып өлгөндөрдүн саны 89га жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Индиянын түндүк-чыгышында сапатсыз алкоголдук ичимдикке уулангандардын саны 89га жетти.

Бул тууралуу ишемби күнү ДПА ( Deutsche Presse-Agentur) агенттиги расмий булактарга таянып жазды. Буга чейин "Ассошиэйтед пресс" 50 киши каза болгонун, дагы ушунча адам ооруканага жаткырылганын билдирген.

Полициянын маалыматына караганда, каза болгондордун басымдуу бөлүгү Ассам штатындагы чай плантациясынын жумушчулары болгон. Алар айлык алганын майрамдап, курамында метанол бар сапатсыз ликер ичишкен. Алгоголь даярдаган ишкананын кожоюну менен кошо беш киши кармалды.

Февралдын башында Индиянын түндүгүндө Уттар-Прадеш жана Уттаракханд штаттарында сапатсыз спирт ичимдигине ууланган 110 киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG