Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:09

«Атамбаевсиз КСДП» курултай өткөрүү үчүн саясий кеңешке кайрылды


«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын Октябрь райондук жыйыны. 20-декабрь, 2018-жыл.
«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын Октябрь райондук жыйыны. 20-декабрь, 2018-жыл.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы жаз айларында партиянын курултайын өткөрүү боюнча саясий кеңешке кайрылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган кыймылдын төрагасынын орун басары, партия мүчөсү Нурбүбү Кененбаева билдирди:

- Расмий иш жүргүзүп жаткан партиянын саясий кеңешине кыймылдын атынан кайрылуу жибергенбиз. Саясий кеңеш эң жогорку орган болуп эсептелет. Эгер алар биздин өтүнүчүбүздү кабыл алып, мыйзам жолуна салып чакырып берсе (делагаттарды - авт.) биз легитимдүү түрдө курултай өткөрөбүз. Мыйзамдуу түрдө Атамбаевди лидерликтен кетирүүгө укук алабыз.

Өзү Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү экенин айтып жүргөн Сагынбек Абдрахманов Бишкектин бир катар райондорунда жана облустарда «Атамбаевсиз КСДП» деген ураан менен жыйындарды уюштурган.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул кыймыл КСДПны бөлүп-жаруу жана тартып алуу максатында түзүлгөнүн, артында азыркы бийликтин өкүлдөрү турарын жана Абдрахманов партиянын мүчөлүгүнөн чыгарылганын айтып келет. Расмий өкүл партия 6-апрелде курултай өткөрүү тууралуу чечим кабыл алганын, кыймыл кимге кайрылганы белгисиз экенин айтты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG