Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

ЖЭБ иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө


Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту. 27-февраль, 2019-жыл.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту. 27-февраль, 2019-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция үчүн айыпталгандардын иши боюнча баштапкы соттук угуу өтүп жатат. Бул ЖЭБ иши боюнча экинчи отурум.

18-февралда болгон соттук жараянда соттолуучулардын жактоочулары алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Бирок сот аны канааттандырган эмес.

Процесс жабык өтүп жатат.

Аталган ишти Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, 13-февралда сотко өткөрүп берген. Анда мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдон башка жети кишиге: мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевге, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовго, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго жана мурунку финансы министри Ольга Лавровага айып коюлган.

Кармалгандар өздөрүнө тагылган айыптарды төгүндөп келатышат.

Бишкек ЖЭБинин айланасында мындан сырткары дагы төрт кылмыш иши бар. Анын бири боюнча райондук соттун чечими чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG