Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Кыргызстанда органикалык өсүмдүктөр 7785 гектар жерге айдалды


Ош базары. Бишкек.

Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев 27-февралда парламентте билдирди. Анын сөзү боюнча, бул аянт жалпы айдоо аянттарынын бир пайызын да түзбөйт. Тармак азырынча ассоциациялардын жана кооперативдердин колунда.

Чудуевдин маалыматына караганда бүгүнкү күнү кара өрүк, Баткен өрүгү, пахта, дары чөптөр органикалык жактан таза деп эсептелип, экспорттолуп жатат. Анын айтымында, Кыргызстандагы малдын эти «антибиотиктер колдонулат» деген себеп менен органикалык азыктарга кирбей калган. Айрым депутаттар малдын этин да толугу менен органикалык азыктарга киргизүү үчүн мүмкүнчүлүктөр - бир катар стандарттар бар экенин айтышты.

27-февралда Жогорку Кеңеш «Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө» мыйзам долбоорун 2-окууда карап жатат. Мыйзам долбоору органикалык айыл чарба азыгын өндүрүүнүн, анын сертификаттоо жана укуктук негиздерин шарттап, элдин органикалык азыктарга керектөөсүн канааттандырууга жана экспортту арбытууга багытталган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG