Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:27

Помпео Индия менен Пакистанды аскердик аракеттерге барбоого чакырды


Пакистан көзөмөлдөгөн Кашмирдин Чакоти шаарындагы жүк ташуучу автоунаалар Индия чек арасында турушат. 26-февраль, 2019-жыл.
Пакистан көзөмөлдөгөн Кашмирдин Чакоти шаарындагы жүк ташуучу автоунаалар Индия чек арасында турушат. 26-февраль, 2019-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Индия менен Пакистанды сабырдуулукка чакырып, аскердик аракеттерге барбоого үндөдү. Помпеонун билдирүүсү Индиянын Аскер-аба күчтөрү Пакистанда жайгашкан «Жаиш-е-Мухаммад» террордук уюмунун лагерине сокку урган учурга туура келүүдө. Помпео өз билдирүүсүндө индиялык жана пакистандык кызматташтары менен сүйлөшкөнүн кабарлаган. «Индияны да, Пакистанды да сабырдуу болуп, кандай болгон күндө да эскалациядан качууга чакырабыз. Эки тарапка тең байланыштын негизги багыттарын айтып, мындан ары аскердик аракеттерден качууну сунуш кылдым», - деп жазылган билдирүүдө.

Индия Пакистандын аймагындагы «террорчулардын лагерине» абадан сокку урганын 26-февралда жарыялады. Буга 14-февралда Кашмирдеги 40тан ашык адамдын өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусу түрткү болгон.

Индиянын Тышкы иштер министрлиги аскердик учактар Кашмирдин иш жүзүндөгү чек арасынан 80 чакырымдай алыстыктагы Пакистандын Балакот аймагына сокку урганын ырастады.

Пакистандын бийлиги шейшембиде абадан сокку урулганын ырастаганы менен Индиянын учактары чек арадан 7 чакырымдай гана ичкери киргенин, алар шашылыш сокку уруп, кайра артка учуп кетишкенин, чабуулдан эч ким жабыркабаганын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG