Анда негизги маселе федерациянын учурдагы жетекчиси Жыргалбек Саматовду кызматтан алуу маселеси каралат.
Учурда Аламүдүн райондук администрациясына чогулган делегация өкүлдөрү жыйынга Саматовдун өзүнүн катышуусун күтүүдө. Анткен менен маселе ал катышпаса деле каралары белгилүү болду.
Делегацияга чакырылган адамдардын арасында Көкбөрү федерациясынын ар кайсы облустан келген өкүлдөрү бар.
Жыргалбек Саматов Кыргызстандын Көкбөрү федерациясын 2018-жылы жетектей баштаган.
14-февралда Эл аралык көкбөрү федерациясы жаңы эрежелерди кабыл алгандан тартып коомчулукта Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы жетиштүү иш алып барбай жатканы сөз болуп жатат. (SDz)
Пикирлерди көрүңүз (1)
дагы пикирлерди жүктөө