Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Трамп: Түндүк Кореянын экономикалык кудурети жогору


Дональд Трамп жана Ким Чен Ын. Ханой. 27-февраль, 2019-жыл.
Дональд Трамп жана Ким Чен Ын. Ханой. 27-февраль, 2019-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп 27-февралда Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен Вьетнамдын борбору Ханойдо өтүп жаткан жолугушууда Пхеньяндын экономикалык кудурети жогору экенин билдирди.

Ал АКШ Түндүк Кореянын экономикасын көтөрүүгө көмөктөшө турганын айтты:

- Түндүк Кореянын экономикалык кудурети жогору жана чексиз. Мыкты лидер катары өз өлкөңүздүн келечеги кең экенин көрсөтүп жатасыз. Мен ошого жетишкениңерди көргүм келет жана көмөктөшүүнү каалайм.

Ал эми Ким Чен Ын АКШ менен сүйлөшүүлөрдө ийгиликке жетишүүгө болгон аракетин жумшай турганын белгиледи. Тараптардын жолугушуусу 28-февралда да уланат. Ак үйдүн маалыматына караганда, негизги сүйлөшүүлөр ошондо болот.

Трамп менен Ким Чен Ын биринчи жолу былтыр 12-июнда Сингапурда жолугушкан. Анда АКШ «коопсуздук кепилдиктерин», ал эми Түндүк Корея «Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууга» убада берген макулдашууга кол коюшкан. Бирок тараптар өзөктүк куралды жок кылууда алгылыктуу прогресске жетише алган эмес.

XS
SM
MD
LG