Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:00

АКШ, Европа, Кытай, Орусия Индия менен Пакистанды тынчтыкка чакырууда


Пакистан барымтага алган индиялык учкучтун сүрөтү.
Пакистан барымтага алган индиялык учкучтун сүрөтү.

АКШ, Европа Биримдиги, Кытай жана Орусия Индия менен Пакистанда кырдаал курчуп жатканына тынчыздануусун билдирди. 27-февралда Кошмо Штаттардын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан эки тарапты тең аскердик аракеттерден алыс болуп, тирешти деэскалация кылууга чакырды.

Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Федерика Могерини Индия менен Пакистанды «болушунча сабырдуу болууга» үндөп, бул олуттуу кесепеттердин алдын ала турганын билдирди.

Пакистандын жакын өнөктөшү болуп саналган Кытай эскалацияга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирип, Исламабад менен Дели кырдаалды жөнгө салыш үчүн болгон күчүн жумшайт деп үмүттөнөрүн белгиледи.

Орусия эки өлкөнү сабырдуулукка чакырып, бул жагдайды саясий-дипломатиялык жол менен чечүү зарыл экенин билдирген.

Индиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Равиш Кумар 27-февралда Нью-Делидеги басма сөз жыйынында индиялыктардын бир, пакистандыктардын бир учагы атып түшүрүлгөнүн кабарлаган.

Буга чейин Пакистан Индиянын аскердик эки учагы шаршембиде Кашмирди экиге бөлүп турган чек ара тилкесинен учуп өтүп, Пакистандын аба мейкиндигине киргенде атып түшүрүлгөнүн жарыялаган. Ал эки учактын бири Кашмирдин Исламабадга баш ийген аймагында, экинчиси Индияга караштуу бөлүгүндө кыйраганын маалымдаган.

Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар басымдуулук кылган талаштуу Кашмирдин айынан чатакташып келатышат.

XS
SM
MD
LG