Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:18

«Манас» аэропортунда эки эл аралык рейс токтотулду


«Манас» аэропорту.
«Манас» аэропорту.

“Манас” аэропортунда бүгүнкүгө пландалган эл аралык эки каттам боюнча учуу болгон жок. Аэропорттун расмий сайтындагы маалыматка караганда, Индиянын борбору Делиге жөнөп кете турган жана ал жактан учуп келчү рейстер токтотулду.

Ал эми аэропорттор штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн 28-февралда “Азаттык” радиосуна Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

"Кашмирдеги кырдаалга байланыштуу айрым өлкөлөр аба мейкиндигин жаап жатышат. Кыргызстан мындай чара көрүүнү пландаган жокпу?” деген суроого Акышев:

- Бул маселени жарандык авиация эле карабайт. Өкмөт аркылуу каралат. Жарандык авиация жагынан чектөө жок. Аэропорттор штаттык режимде иштеп жатышат, - деп жооп берди.

Эл аралык рейстер кыскарып жатканы коңшу Тажикстанда да байкалууда. Бул өлкөнүн жарандык авиация мекемеси Азиянын түштүк-чыгышына багытталган каттамдардын айрымдары кыскарып, кээ бирлери «убактылуу токтотулуп» жатканын билдирди.

14-февралда Кашмирдин Индия башкарган аймагында 40тан ашык полиция кызматкери өлтүрүлгөн. Дели бул чабуулга жоопкерчилик алган «Жаиш-е-Мухаммад» тобун «калкалап жатат» деп Пакистанды айыптоодо.

Кашмирдеги кырдаалга байланыштуу Пакистандын жарандык авиация мекемеси өлкөнүн аба мейкиндигин жарым-жартылай жабуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Индиянын бийлиги да өлкөнүн түндүгүндөгү жана Кашмирдеги бир нече аэропортту жапканы кабарланып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG