Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:20

АКШ Бен Ладендин баласы тууралуу маалымат үчүн 1 млн. доллар берет


Хамза бин Ладен.
Хамза бин Ладен.

АКШ «Аль-Каида» террористтик уюмунун жок кылынган лидери Усама бен Ладендин баласы Хамза тууралуу маалымат бергендерге 1 млн. доллар сыйлык берерин жарыялады.

«Хамза бен Ладен «Аль-Каиданын» мурдагы лидеринин баласы, азыр ошол уюмдан чыккан топту жетектеп келет», - деп жазылган Мамлекеттик департаменттин 28-февралдагы билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, «Хамза өзүнүн жактоочуларына Интернеттен видео кайрылуу тараттып, АКШга, Батыш өнөктөштөрүнө каршы чыга турганын, 2011-жылы америкалык аскерлер тарабынан өлтүрүлгөн атасы үчүн өч ала турганын» айткан. Хамза бен Ладен Пакистанда, Ооганстанда, Сирияда жана Иракта болушу ыктымал экендиги белгиленген.

«Аль-Каида» уюмунун лидери жана 2001-жылы 11-сентябрдагы теракттын уюштуруучусу Усама бен Ладен 2011-жылы жок кылынган. Бул тууралуу АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама расмий жарыялаган.

«Аль-Каиданын» анабашы 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборуна, Вашингтон шаарындагы АКШнын Коргоо министрлигинин имаратына жана Пенсильвания штатындагы террордук аба чабуулдарды уюштурганын үч жылдан кийин ачык моюнга алган. Бен Ладен жүргүзгөн эң ири терордук операцияда 3 миңдей киши каза болгон.

2018-жылы БУУ «Аль-Каида» Хамза бен Ладен сыяктуу жаңы лидерлерди өстүрүп келатканын белгилеген.

XS
SM
MD
LG