Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:35

Чокморовдун айкелинин эскизин тандоо дагы бир ай артка жылды


Сүймөнкул Чокморовдун айкелинин жаңы сунушталган эскиздеринин бири. 1-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Сүймөнкул Чокморовдун айкелинин жаңы сунушталган эскиздеринин бири. 1-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

Таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жаңы айкелинин эскизин тандоо боюнча конкурс 1-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу сынактын мөөнөтүн дагы артка жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алган калыстар тобу билдирди.

Эскизди тандоонун жыйынтыгы 1-мартта чыкмак. Бүгүн жаңы айкелдердин эскизин караган калыстар тобу бир да эскизди жактырган жок. Алар сынакка катышкан 5 катышуучуну тең конкурста калтырып, эмгектерин кайра иштеп чыгууну сунуш кылышты.

Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун директору Сагынбек Абдрахмановдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, жалпысынан 18 скульптор 27 эмгегин сунуш кылган. Соңку, төртүнчү этапка алардын бешөө өткөн.

Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине орнотулуп, анын ачылыш аземи мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган жетекчилердин катышуусунда 2017-жылы 9-ноябрда өткөн. Айкелди скульптор Алмаз Кожогулов жасаган.

Айкел Чокморовдун өзүнө окшошпой калганы социалдык тармактарда кызуу талкууланган. Коомчулукта ар кандай нааразы пикирлерден улам аны алмаштыруу жөнүндө чечим чыккан. Жаңы эстелик ушул айкелдин ордуна коюлат. Мындан сырткары Ош шаарына да коюлушу ыктымал.

Сүймөнкул Чокморов 1992-жылы 53 жашында каза тапкан. Ал советтик кино өнөрүн көптөгөн чет мамлекеттерде тааныткан. 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан. Чокморовдун кээ бир эмгектери Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып турат. (GT\ErN)

XS
SM
MD
LG