Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши экинчи баскычка өткөн телеканалдын директорлугуна талапкер 17 кишинин программасын угуп жатат. Жеке аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер:
Мирбек Мурзабеков,
Мирлан Самыйкожо,
Болотбек Тиллебаев,
Ибраим Нуракун уулу,
Малика Курманова,
Галина Байтерекова,
Куттумидин Базаркулов,
Адил Турдукулов,
Алим Токторов,
Сюита Соурбаева,
Дүйшөк Мамбетөмүров,
Сураган Досумбаев,
Ишен Айтмамбетов,
Абдухалил Акматов,
Замирбек Казакпай уулу,
Эркинай Эшанкулова,
Жайнак уулу Үсөн.
Байкоочу кеңештин 28-февралдагы олтурумунда учурдагы директор Илим Карыпбеков өз арызын кайтарып алганын кабарлады. Добуш берүү аркылуу кеңеш ошондой эле Каарманбек Кулуевди да талапкерлердин тизмесинен четтетти. Кеңештин мүчөлөрү талапкердин аңгемелешүүгө скайп аркылуу катышууга укугу жок деп тапты.
КТРКнын Байкоочу кеңеши 18-февралда башкы директорлукка талапкерлерден келип түшкөн арыздарды карап, жалпысынан 22 адам документ тапшырганын айткан. Алардын үчөө, Элдар Аттокуров, Бөлөкбай Шеримбеков жана Жылдыз Муслимова документтери толук болбогондуктан сынакка катышуу укугунан ажыратылган. (ErN)