Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Финансы министрлиги: Бакиевдерден кайтарылган акча эсепке түшө элек


Мурдагы президент Курманбек Бакиев.
Мурдагы президент Курманбек Бакиев.

Кыргызстандын Финансы министрлиги атайын билдирүү таратып, мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиевдердин «АКШ кайтарды» деген каражаты келе элек экенин кабарлады. Министрликтин басма сөз катчысы Гүлмира Түгөлбаева «Азаттыкка» билдиргендей, мекеменин Улуттук банктагы эсебине соңку эки күндүн ичинде акча түшкөн эмес.

Мекеме өкүлү алар АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен сүйлөшкөнүн, америкалык дипломаттар «процедуралык маселелерден улам акча которуу кечеңдеп жатышы мүмкүн» деп айтышканын белгиледи. Каражат эмки аптада эсепке түшүшү ыктымал.

27-февралда АКШнын Юстиция министрлиги мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев чыгарып кеткен 4,5 млн. долларга жакын каражатты Кыргызстанга кайтарганын жарыялаган.

Мекеменин расмий сайтындагы кабарга караганда, каражаттардын изи Бакиевдердин жеке банкири, өнөктөшү аталган Евгений Гуревичтин кылмыш ишин иликтөөдө табылып, 6 миллион доллар конфискацияланган. Анын 4,5 миллион долларга жакыны кайтарыла турган болгон.

АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматында «кыргыз өкмөтү бул акчаны аймактык ооруканаларга медициналык жабдыктарды сатып алууга, айылдыктарды таза суу менен камсыздоо долбоорлоруна, антикоррупциялык программаларга жумшай турганын ырастады» деп айтылат.

Кабарларга караганда, АКШ менен Кыргызстан мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу тууралуу эки тараптуу билдирүүгө 25-февралда Бишкекте кол коюшкан. Калган каражатты кайтаруу үчүн кошумча аракеттер пландаштырылып жатканы маалымдалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG