Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

ВИЧ жуктуруп алгандар Бишкекте көйгөйүн ачык талкуулашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дискриминацияны токтотуунун эл аралык күнүнө карата Бишкекте ВИЧ/СПИДди алып жүргөндөр тууралуу кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлүп, бул оору менен жашаган аялдар тууралуу комикстер көргөзмөсү уюштурулду.

Борбор Азиядагы Америка университетинде өткөн иш-чарада аталган дартка чалдыккандар коомдун аларга жасаган басмырлоосун айтып берди.

ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алганын ачык айтып чыккан Кыргызстандагы алгачкы аял Бактыгүл Шүкүрова “Азаттыкка” берген маегинде буларды айтты:

- Бүгүнкү күндө адамдар ВИЧ адамдан адамга жукпай турганын толук түшүнө элек. Көп кишилер бизди кадимкидей кабыл албайт. Бүгүн биз ВИЧ менен жашаган аялдар тууралуу комикстерди көргөзмөгө койдук. Бул жерде менин да окуям бар. Бул жөнүндө адамдар менен ачык сүйлөшүү керек. Биз, ВИЧ менен жашаган адамдар, аялдар жана балдар, башкалардай эле билим алууга, теңдикке укугубуз бар экенин коомго жеткиргибиз келет, - деди ал.

1-мартты Басмырлоону токтотуунун эл аралык күнү катары белгилөөнү БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириктирилген программасы 2014-жылы сунуш кылган. 2018-жылдын соңуна карата Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишиден ашкан, анын көбү эркектер. Анын ичинде 645 бала бар, теңинен көбү илдетти 2007-2008-жылдары ооруканадан жуктуруп алган. Дарыгерлердин шалаакылыгы менен дартка чалдыккан балдардын алды 18ге чыгып калды. (AlS\ErN)

XS
SM
MD
LG