Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:19

«Facebook» жалган аккаунттарды «саткандарды» сотко берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Facebook» корпорациясы «Инстаграм» менен кошо Кытайда жайгашкан төрт компанияны жана үч кишини жалган аккаунттарды түзүп, «жакты» деген белгини баскандарды, катталуучуларды сатуу менен алектенгени үчүн АКШнын федералдык сотуна берди. Бул тууралуу «Америка авазы» радиосу кабарлады.

«Фейсбук» компаниясынын маалыматына караганда, айыпталуучулар менен фирмалар «Фейсбук», «Инстаграм» платформаларында аккаунттарды сатышкан. Андан сырткары «Amazon», «Apple», «Google», «LinkedIn» жана «Twitter» платформаларында да ушундай жол менен пайда көрүшкөн.

Былтыр ноябрда «Фейсбук» Кошмо Штаттардын бийлиги чек өлкө менен байланышы бар деп күмөн санаган 115 аккаунтту жапкан. Вашингтондун мындай билдирүүсү Конгресске шайлоонун алдында чыккан.

XS
SM
MD
LG