Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

ИМдин согушкери үй-бүлөсү менен Голландияга кайткысы келет


Шамима Бегумдун улуу эжеси сиңдисинин сүрөтүн кармап турат. 22-февраль, 2015-жыл.
Шамима Бегумдун улуу эжеси сиңдисинин сүрөтүн кармап турат. 22-февраль, 2015-жыл.

«Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун согушкери, британиялык өспүрүм кызга үйлөнгөн голландиялык жаран аялы, ымыркай уулу менен өз мекенине кайткысы келет. Ал бул тууралуу ББС дүйнөлүк кызматынын журналисттерине айтып берди.

27 жаштагы Яго Ридейк күрттөрдүн убактылуу кармоочу жайында Шамима Бегумду жолуктурган. Анда 15 жаштагы кыздын Сирияга келгенине беш эле күн болгон.

Ридейк журналисттерге 15 жаштагы өспүрүмгө үйлөнгөн себебин “бул анын тандоосу болгон" деп түшүндүрдү. "Ал өзүнө түгөй табууну суранган экен, анан мага сунуш кылышты. Ал жапжаш болчу... Мага күйөөгө чыгам деди, мен ага үйлөнүүнү эп көрдүм”.

Ридейк террордук топтун катарында согушканын, эми болсо андан баш тартып, өз мекенине кетүүнү чечкенин да айтты.

19 жаштагы Бегум Лондондогу эки классташы менен 15 жашында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулганы кеткен. Эми ал дагы Британияга уулу менен кайткысы келет.

Өткөн айда анын Британ жарандыгы жокко чыгарылган.

XS
SM
MD
LG