Болгарияда өткөн «Дан Колов – Никола Петров-2019» эл аралык турнирине Кыргызстандан барган грек-рим күрөшү боюнча балбандар алты медаль утушту. Бул тууралуу «Бириккен күрөш дүйнөсүнүн» расмий сайтында жазылды.
Маалыматка караганда алтын медалды Мурат Рамонов (130 кг.) тагынды. Коло медалдарды Асан Сулайманов (55 кг.), Руслан Царев (73 кг.), Рустам Тейишов, Жоламан Шаршенбеков (60 кг.) жана Үзүр Жузупбеков (97 кг.) алды.
Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова 3-орунду ээлеп, коло байге алган.
Жалпы командалык эсепте Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы 105 упай топтоп 2-орунду алды. 1-катарга Орусиянын (211 упай), 3-катарга Болгариянын (99 упай) командасы жайгашты.
Болгариянын Русе шаарындагы турнир 28-февралдан 3-мартка чейин болду.
Мурат Рамоновдун беттеши: